Редакцияот 23.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 23-январы № 2840-VI

Сот-укуктук реформаны жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөн иш жөнүндө

Сот-укуктук реформаны жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөн иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П.Разаковдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сот-укуктук реформаны жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизүү боюнча жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргеликте кенемтелерди жана коллизияларды табуу максатында жаңы мыйзамдарга талдоо жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту токтоосуз түзсүн жана сот адилеттүүлүгүн жүргүзүүдө кодекстерди жана башка мыйзамдарды натыйжалуу ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот реформасы боюнча кеңештин алкагында жүргүзүлгөн иш чаралардын мониторинги боюнча эксперттик жумушчу топтун өз ара аракеттенүүсү менен тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун пакетин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 457 токтомунун колдонулушун жокко чыгаруу сунушталсын;

- сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган кодекстерди жана башка мыйзамдарга киргизүү жана иштөөсү үчүн тиешелүү мамлекеттик жана башка органдарга зарыл кошумча финансы каражаттарын бөлүү жөнүндө маселени чечсин;

- 2019-жылдын 1-январынан тартып сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынып колдонууга киргизилген жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды сот, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан окуп-үйрөнүүсү, алардын даярдык деңгээлин жогорулатуу жана көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылардын ченемдерин практикада колдонуусу үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча кошумча чараларды көрсүн;

- 2012-жылдан тартып 2018-жылды кошуп алгандагы мезгилде сот-укуктук реформаны жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга карата алынган жана чыгымдалган акча каражаттары (каржылоо булагын, толук чечмелөө аркылуу чыгашалардын беренелерин көрсөтүү менен), анын ичинде бюджеттен тышкаркы каражаттар жөнүндө маалымат берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдун аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө 2019-жылдын 1-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттерине жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков