КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-январы № 2863-VI
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 1548-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарыбаева Атыркуль Окелеевна Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына киргизилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 1548-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун он алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Сарыбаева Атыркуль Окелеевна.".
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |