Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-марты № 2938-VI
Кыргыз Республикасында 2019-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу
Кыргыз Республикасында 2019-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Бороновдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында 2019-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдү, атап айтканда алыскы, оор климаттык шарттардагы региондорго өзгөчө көңүл буруу менен жетиштүү көлөмдө күйүүчү-майлоочу материалдар, жер семирткичтер, химикаттар жана сапаттуу үрөндөр, жеңилдетилген кредиттер, тиешелүү жабдуулар жана тетиктер менен зарыл көлөмдө камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
- айыл аймактарынын жана башка чарбакер субъекттердин тейлөөсүндө болгон ички чарбалык ирригациялык тутумдарды вегетациялык мезгилге карата өз учурунда даярдоону камсыз кылсын;
- 2019-жылдын биринчи кварталында республиканын ирригациялык тутумдарын учурдагы жана капиталдык оңдоого арналган бюджеттик каражаттардын 80 пайызга чейинкисин каржылоону камсыз кылсын;
- республиканын бардык региондорунда СПАнын (суу пайдалануучулар ассоциациялары) иштерин жандандыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн. Ички чарбалык ирригациялык тутумдарынын абалын иликтесин жана аларды калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн;
- Өзбекстан Республикасы жана Казакстан Республикасы тарабынан республиканын суу сактагычтарын ар жылдык оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү токтотуп жана бул максаттарга чыгымдалуучу каражаттарды Кыргыз Республикасына которуу боюнча чараларды көрсүн; көрсөтүлгөн оңдоо-калыбына келтирүү иштерин өз күчтөрүбүз менен жүргүзүүнү камсыз кылсын. "Суу - бул товар" принцибин ишке ашырууда сууну пайдалануучу-коңшу мамлекеттерге суу сатуу жөнүндө маселенин чечилишине жетишсин; суу алдында калган айыл чарба жерлери жана калктуу конуштардын жерлери үчүн компенсацияларды суу сатуунун эсебинен камсыз кылышы жөнүндө маселени карасын;
- агротехникалык талаптарды сактоо менен жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн банктар тарабынан кредиттелишин 2019-жылдын март-апрелинде камсыз кылсын;
- Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан пайыздык ставка боюнча кемитүүлөрдү алуу мүмкүнчүлүктөрүн ишкерлерге берүү максатында күрөөсүз кредиттөөнү жүзөгө ашыруу тууралуу, ошондой эле айыл чарба продукциясын экспорттоого же соода-логистикалык борборлор менен продукцияларды сатып алууга кепилденген контракттар болгондо кредиттер боюнча жеңилдетилген пайыздык кемитүү жөнүндө маселелерди иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасында асыл-тукум малдарды сатып алууга жана өстүрүүгө жана интенсивдүү бакчылыкты өнүктүрүүгө чыгымдарды субсидиялоо программаларын иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынан айыл-чарба продукцияларын кепилдүү сатып алууга контракттарды белгилөө маселелери боюнча Россия Федерациясы жана Казакстан Республикасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
- айыл чарба өндүрүшүн ирилештирүү үчүн салык салуунун преференциялык режимин берүү максатында 2019-жылдын 1-январынан тартып айыл чарба кайра иштетүүчүлөр үчүн КНС боюнча жеңилдиктер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун бир айдын ичинде кабыл алсын;
- мамлекеттик колдоо көрсөтүү механизмдерин эске алуу менен "чийки заттарды өндүрүү - сактоо - кайра иштетүү - сатуу" принциби боюнча айрым чарбалардын айыл чарба кооперацияларынын интеграцияланган чубама моделин киргизүү программасын иштеп чыксын;
- адистештирилген айыл чарба технопарктарды түзсүн жана алардын алкагында айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөр үчүн бардык коммуникациялары менен жер участкалары бөлүнсүн;
- региондордун спецификасын жана жаратылыш-климаттык шарттарын эске алуу менен мурда түзүлгөн келишимдер боюнча ички жана тышкы рынокко жөнөтүүлөр үчүн келечектеги түшүмдүн айдап-себүүлөрүн жайгаштыруу жана көлөмдөрүн пландаштыруу максатында МТСти кошуп алганда (райондорду тейлөө үчүн) айыл чарба өндүрүш күчтөрүн райондоштуруу жана жайлаштыруу схемасын киргизсин;
- жашыл экономика жана органикалык айыл чарба өндүрүш элементтерин киргизүү, жогорку кирешелүү өсүмдүктөрдү өстүрүү программасын иштеп чыксын;
- айыл чарба продукцияларын сатып алуу/сатуунун электрондук аянтчаларын түзүү боюнча чараларды көрсүн;
- айыл чарба жерлерин инвентаризациялоону токтоосуз жүргүзсүн жана жерлерди кайра бөлүштүрүү Мамлекеттик фондунун балансына эсепке алынбаган жаңы жерлерди киргизсин;
- айыл чарба жерлеринин азыктуулугун жана продуктуулугун жогорулатуу максатында ар бир областта кыртыштын абалын агрохимиялык изилдөө боюнча лабораториялардын уюштурулушун камсыз кылсын;
- айыл чарба тармагын камсыздандырууну камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
- жазгы-талаа жана чарба жумуштарын жүргүзүү боюнча ата-мекендик товар өндүрүүчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн КММга (дизелдик отун) акциздик ставкаларды убактылуу жокко чыгаруу же төмөндөтүү жөнүндө маселени карасын;
- айыл чарба продукцияларын сорттоо жана тандоо, аны оптималдык шарттарда сактоо боюнча эки ири логистикалык борбор куруу маселесин кароону Россия Федерациясынын Өкмөтүнө сунуштасын; зарыл документтерди өз учурунда даярдоону жана Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүү планына маселени киргизүүнү камсыз кылсын;
- республиканын бардык аймагында көп жылдык бак-дарак отургузуу боюнча чараларды көрсүн жана токой тармагын 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү концепциясын бекитүүнү тездетсин;
- республиканын бардык областтык борборлорунда жазгы-талаа жумуштарына даярдыктын жүрүшү жөнүндө тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин катышуусу менен селектордук кеңешмелерди өткөрсүн; атайын түзүлгөн графиктерге ылайык алардын айыл чарба товар өндүрүүчүлөр менен жер-жерлердеги жолугушууларын өткөрүүнү камсыз кылсын.
Аткарылган иштердин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2019-жылдын 30-майына карата маалымат берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |