КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-марты № 2967-VI
"2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 7-декабрындагы № 572 токтому) "2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |