Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-апрели № 3006-VI
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2018-жыл үчүн отчёту жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 6-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Ө.Джамшитовдун 2018-жыл үчүн отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Ө.Джамшитовдун 2018-жыл үчүн отчёту бекитилсин жана канааттандыраарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
1) коррупцияга каршы аракеттенүү, коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин азайтуу жана жоюу боюнча ишти улантсын;
2) бардык мамлекеттик органдар тарабынан "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын аткарылышына багытталган толук чараларды көрсүн;
3) 2018-жылы жарандарды жазык жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу, жазык иштерин мыйзамсыз козгоо фактылары боюна иштерди иликтөөнү жана талдоону жүргүзсүн жана Жогорку Кеңешке кеңири маалымат берсин;
4) катышууларды камсыздоо жөнүндө соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүү жолу менен процесстин катышуучуларынын катышуусун камсыз кылуу үчүн прокурор тарабынан иштерди кайтарып берүү фактыларын азайтуу боюнча ишти улантсын;
5) айып пул түрүндөгү жазаларды аткаруу жаатындагы жазык иштери боюнча соттук чечимдердин аткарылышы боюнча чараларды көрсүн;
6) жазык иштеринин кыймылын эсепке алуунун статистикалык карточкалары боюнча карыздарды жоюу, ошондой эле укук коргоо органдарында жоголгон, уурдалган жана жок кылынган (күйүп кеткен) жазык иштерин калыбына келтирүү боюнча ишти аяктасын;
7) тергөө бөлүкчөлөрүнүн жетекчилери (ага тергөөчүлөрү) алмашканда кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча жазык иштерин көзөмөлдөгөн прокурордун катышуусу менен инвентаризациялоо боюнча республиканын Башкы прокурорунун жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин биргелешкен буйругун иштеп чыксын;
8) прокуратура органдарынын тутумундагы коррупцияга каршы күрөштү күчөтсүн;
9) Жогорку Кеңештин депутаттарынан келип түшкөн кайрылууларды тыкыр карасын жана 2019-жыл үчүн отчётко карата каралган кайрылуулардын талдоосун берсин;
10) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттери менен биргеликте 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген жаңы мыйзамдардын жана кодекстердин жоболорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчётунун жаңы форматын иштеп чыксын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору ушул токтомдун аткарылышы жөнүндөгү маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2020-жылдын 1-январына чейин берсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |