Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июну № 3129-VI
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А.Мариповдун отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету канааттандыраарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы:
- табылган финансылык бузуулар боюнча Эсептөө палатасынын жазма буйруктарынын министрликтер жана ведомстволор тарабынан аткарылышынын абалы жөнүндөгү маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө квартал сайын жөнөтүп турсун;
- аудиттердин сапатын жогорулатуунун үстүндө иштөөнү улантсын, ошондой эле табылган финансылык бузуулардын суммаларын мамлекеттик бюджетке толтуруу боюнча таасирдүү чараларды көрсүн;
- мамлекеттик аудит жүргүзүүдө бузуулардын классификаторун мамлекеттик органдар тарабынан пайдалануу практикасын киргизүү боюнча чараларды күчөтсүн;
- Эсептөө палатасы тарабынан текшерүүлөрдү жана табылган бузууларды оңдоо үчүн негизги чечимдерди жүргүзүүнүн типтүү усулу боюнча маалыматтык материалдарды иштеп чыксын жана текшерилүүчү мекемелерге берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- бюджеттик каражаттардын чыгымдалышын, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан мамлекеттик менчиктин башкарылышын жана мамлекеттик катышуунун чоң үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын чарбакер субъектилердин ишин контролдоону күчөтсүн;
- мамлекеттик органдарда аудит тарабынан жыл сайын табылган мүнөздүү бузууларга жол бергендиги үчүн жетекчилердин жоопкерчилигин күчөтсүн жана аларды четтетүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
- өткөрүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча Эсептөө палатасынын жазма буйруктарынын аткарылышына туруктуу контролду камсыз кылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |