КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июну № 3135-VI
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчёту тууралуу
"Кыргыз Республикасынын коомдук телерадио берүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчётун карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчёту эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- "Телеберүү жана радио уктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесин аткаруу үчүн каражаттарды республикалык бюджетте жыл сайын карасын;
- "Кыргыз Республикасынын коомдук телерадио берүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесин аткаруу үчүн республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүү мүмкүнчүлүгүн карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жыл сайын I кварталда Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын финансылык-чарбалык ишин текшерүүнү Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук иш планына киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши:
- "2016-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрындагы мезгил үчүн Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын жана ага баш ийген бөлүкчөлөрдүн бюджеттик каражаттарынын чыгашалар сметасын, атайын эсептеги кирешелер жана чыгашалар сметасын аткаруу аудити жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрсүн;
- объективдүүлүк, аныктуулук жана адилеттүүлүк принциптерин сактоо менен коомдо болгон пикирлердин жана көз караштардын бүткүл диапазонун чагылдырган заманбап жана жогорку сапаттагы берүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылсын;
- коомдук кызыкчылыктарды мыктылап чагылдыруу максатында этностук, гендердик, жаш курагы, кесипкерлиги, маданияты жана диний принциби боюнча жарандардын өкүлдөрүнүн сунуштарын эске алсын;
- журналистиканын жогорку стандарттарын, ар бир адамдын толеранттуулугун жана укуктарын урматтоонун камсыз болушуна өзгөчө көңүл бурсун;
- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын иши жөнүндө ар жылдык отчетту "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырсын;
- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын финансылык жана чарбалык ишинин ар жылдык милдеттүү тышкы аудитинин жүргүзүлүшүн контролго алсын;
- кабыл алынган чечимдерди контролдоону күчөтсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |