Редакцияот 20.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 20-июну № 3140-VI

Б.Бактыгуловду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Өзүнүн каалоосу боюнча жазуу жүзүндө берилген арызына ылайык Бактыгулов Бусурманкулдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2019-жылдын 27-майынан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков