Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-июну № 3145-VI
"Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жайыттар жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Бакиров, А.Жээнбеков, М.Айнакулов, А.Акматов, А.Жапаров, Р.Туманбаева, К.Бокоев, Э.Токтошев демилгелеген "Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жайыттар жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |