Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июну № 3128-VI
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Эргешов, Н.К.Алимбеков, А.И.Кулбараков, У.Т.Кыдыралиев, У.О.Самаев, У.Б.Примов, А.С.Токторов, Т.И.Икрамов жана Т.Т.Мамытов, Т.У.Жоробеков, Д.Г.Төрөкулов, А.М.Нурбаев, А.Ж.Исмаилова, Б.К.Райымкулов, А.Т.Алтыбаева, К.Ж.Рыспаев, Т.Г.Тиллаев, Б.С.Турусбеков, А.К.Касымалиева, И.Ш.Өмүркулов, А.Б.Баатырбеков, М.Э.Мавлянова, А.А.Алтынбеков, Ө.М.Бакиров, Ж.К.Турускулов демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |