Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июну № 3196-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.О.Самаевди Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.О.Самаев Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 26-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун 9-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы "М.К.Жеенчороев - "Республика - Ата-Журт" парламенттик фракциясынан" деген сөздөр "У.О.Самаев - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |