Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-сентябры № 3222-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 5-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 5-сентябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Ар кандай;
"2019-жылдын 6-апрелинде Марокконуп Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Ислам өнүктүрүү банкы, Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы" долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |