Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-июну № 3122-VI
Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы анын статусунан ажыратуу үчүн күнөө коюу маселеси боюнча корутунду берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атайын комиссиясын түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентинин ишинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу үчүн күнөө коюу маселеси боюнча корутунду берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөндөгү депутаттарынын курамында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу атайын комиссиясы (мындан ары - Убактылуу атайын комиссия) түзүлсүн:
Ө.М.Бакиров
Е.Г.Строкова
К.Ж.Рыспаев
М.Б.Эгембердиев - "КСДП" депутаттык фракциясынан;
Т.Т.Мамытов
Б.К.Райымкулов
Ж.К.Турускулов - "Республика-Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
К.К.Исаев
А.С.Токторов - "Кыргызстан" депутаттык фракциясынан;
Жунус уулу Алтынбек - "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясынан;
Б.С.Турусбеков - "Бир Бол" депутаттык фракциясынан;
К.К.Иманалиев - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан.
2. Убактылуу атайын комиссия өзүнүн корутундусун 7 күндүн ичинде даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |