Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-сентябры № 3243-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 18-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 18-сентябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
2018-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасы тууралуу;
2018-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун ар жылдык баяндамасы жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |