Редакцияот 02.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 2-октябры № 3263-VI

К.Абдиевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

чектик куракка жеткендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Курмантай Абдиевдин ыйгарым укуктары 2019-жылдын 1-октябрынан тартып токтотулсун.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков