Сравнение редакций…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 9-февралындагы ПЖ № 26 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасында административдик мамлекеттик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Эрежелер "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык иштелип чыкты (мындан ары - Эрежелер).
2. Эрежелер Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасында (мындан ары - Иш башкармасы) административдик мамлекеттик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү маселелерин жөнгө салат.
2. Кызмат орундарын ээлөө жол-жобосу
3. Иш башкармасында ваканттык административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө коюлган квалификациялык талаптарга ылайык ваканттык административдик кызмат ордун ээлөөгө кыйла даярдыгы бар талапкерлерди (мындан ары - талапкерлер) аныктоо үчүн тандоо өткөрүү аркылуу ишке ашырылат.
4. Иш башкармасындагы административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар төмөнкүдөй талаптарды камтыйт:
- адистиги боюнча иш стажына жана тажрыйбасына, тиешелүү кесиптик көндүмдөрүнө;
- административдик мамлекеттик кызмат орундарынын категориясын жана тобун эске алуу менен билим деңгээлине жана профилине;
- мыйзамда каралган учурларда кызматчынын ишин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүүсүнө.
5. Иш башкармасынын ар бир административдик мамлекеттик кызмат орду боюнча квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте типтүү квалификациялык талаптардын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу (мындан ары - Иш башкаруучу) тарабынан бекитилет.
6. Мыйзамга ылайык жумуш орду сакталып турган убактылуу жок болгон мамлекеттик кызматчыны алмаштыруу үчүн кабыл алынуучу талапкерлер ээленүүчү кызмат ордуна коюлган бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык келиши керек.
7. Талапкерлерди тандоо өзүнө эки этапты камтыйт: тандоо жол-жоболору жана жеке маектешүү.
Тандоо жол-жоболорунда талапкердин бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык келиши, ошондой эле функционалдык милдеттерин аткаруу үчүн анын билими, билгичтиги жана көндүмдөрү аныкталат.
Жеке маектешүү талапкердин инсандык жана кесиптик-иштиктүү сапаттарын, келечектеги иши тууралуу түшүнүгүн, күтүүлөрүн, мотивациясын аныктоо үчүн аны менен маек жүргүзүлөт.
3. Тандоону өткөрүү шарттары жана тартиби
8. Ваканттык административдик мамлекеттик кызмат орду болгондо биринчи кезекте Иш башкармасынын ички кадрлар резервинде турган жана коюлган квалификациялык талаптарга ылайык келген адамдардын арасынан тандоо жүргүзүлөт.
9. Ички резервде талаптарга ылайык келген талапкерлер жок болгон учурда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын ичинен, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына, Иш башкармасынын жана мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайттарына вакансия жөнүндө кулактандыруу жарыялоо аркылуу тандоо жүргүзүлүшү мүмкүн.
10. Ваканттык административдик кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоону жүргүзүү үчүн Иш башкаруучусунун буйругу менен комиссия түзүлөт.
Комиссиянын түзүмү жана курамы:
- комиссиянын төрагасы - Иш башкаруучунун орун басарларынын бири. Орун басарларынын кызмат орду вакант болгон учурда ваканттык административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлөөгө конкурсту өткөрүү боюнча комиссиянын төрагасы болуп Иш башкаруучусу тарабынан аныкталуучу комиссиянын мүчөлөрүнүн бири - мамлекеттик кызматчы дайындалат.
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү:
- персоналды башкаруу кызматынын жана юридикалык кызматтын жетекчилери (адистери);
- мамлекеттик органдын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери (адистери);
- штатында ваканттык кызмат орду бар түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси;
- профсоюз комитетинин төрагасы жана Иш башкармасынын башка кызматчылары.
Комиссиянын курамына административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылар кирет. Комиссиянын жок болгон мүчөлөрүн алмаштырууга жол берилбейт.
11. Иштин адистештирилген чөйрөсүндөгү кесиптик билимдерин текшерүү үчүн комиссия тарабынан тиешелүү багыттагы адистер тартылышы мүмкүн.
12. Комиссия:
- берилген документтерди карап чыгат, атайын билимин, билгичтигин жана көндүмдөрүн текшерет, маектешүүгө киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- маектешүүнү өткөрөт;
- тандалып алынган талапкерди ваканттык кызмат ордуна дайындоого сунуштама берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
13. Тандоо жол-жоболорун өткөрүү мөөнөттөрү жана регламенти Иш башкармасынын буйругу менен бекитилет.
14. Комиссиянын жыйналышы ага анын курамынын кеминде үчтөн экиси катышса мыйзамдуу деп эсептелет. Комиссиянын чечимине жыйналышка катышкан анын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү добуш берсе ал кабыл алынды деп эсептелет. Добуштар бирдей болуп калган учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
4. Тандоо этаптары
15. Ваканттык административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлөө үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
- жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөт;
- паспорттун же өздүгүн күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (паспорттун же өздүгүн күбөлөндүргөн документтин түп нускасы маектешүүгө келгенде көрсөтүлөт);
- зарыл кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража жана илимий наам берилгендиги тууралуу документтердин көчүрмөлөрү нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек);
- жарактуу мөөнөтү берилген күндөн тартып 3 ай болуп эсептелген соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
- мурдагы иштеген жерлеринен сунуш кылуу каттары.
16. Иш башкармасы талапкер берген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгын атайын текшерүү, анын ичинде соттуулугунун жоктугуна, жазык жоопкерчилигине тартылбагандыгына, терс негиздер боюнча иштен бошотулган адамдардын реестринде болбогондугуна атайын текшерүү жүргүзүүнү уюштурууга укуктуу.
17. Берилген документтерге талдоо жүргүзүүнүн негизинде алардын тиешелүү административдик мамлекеттик кызмат ордуна карата белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келиши жана талапкерди маектешүүгө киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынат.
18. Кызмат орду боюнча функционалдык милдеттерин аткарууга байланышкан маселелер боюнча талапкерлердин атайын билимдерин жана көндүмдөрүн аныктоо үчүн компьютердик тесттерди кошо алганда, практикалык тапшырмалар жана билимди текшерүүнүн башка түрлөрү колдонулушу мүмкүн.
19. Чечим атайын текшерүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен талапкерлердин кесиптик билимин, билгичтигин жана көндүмдөрүн, ошондой эле моралдык-адеп-ахлактык сапаттарын текшерүүнүн жыйынтыктарынын негизинде чыгарылат.
20. Ваканттык кызмат орунга тандоодон ийгиликтүү өткөн адамды дайындоо тууралуу сунуш Иш башкаруучунун биринчи орун басары тарабынан киргизилет.
21. Дайындоо жөнүндө чечим белгиленген тартипте Иш башкармасынын буйругу менен таризделет.
КР Президентинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 323 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ