Бишкек шаары1992-жылдын 18-декабры № 1124-XII КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын мал чарбачылыгындагы асыл-тукум иши жөнүндө (Кыргыз Республикасынын
2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 1-статья. Негизги түшүнүктөр жана субъекттер 2-статья. Асыл-тукум иши жана мал чарбасында селекциялык-асылдандыруу ишин жүргүзүү укугу 3-статья. Асыл тукум мал күткөн юридикалык адамдар менен граждандардын милдеттери 4-статья. Асыл-тукум ишин жүргүзүү шарты 5-статья. Генофондду жана селекциялык жетишкендиктерди коргоо 6-статья. Мамлекеттик асыл-тукум кызматы 7-статья. Асыл-тукум кызматынын максаты жана милдети 8-статья. Мамлекеттик асыл-тукум кызмат органдарынын компетенциясы 9-статья. Мал чарбасындагы асыл тукум ишинин абалына мамлекеттик контроль (Мам. асыл тукум инспекциясы) 10-статья. Асыл-тукум ишинин абалына контроль жүргүзүүчү мамлекеттик инспекциянын милдеттери жана укуктары 11-статья. "Кыргыз Республикасынын мал чарбачылыгындагы асыл тукум иши жөнүндө" Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик 12-статья. Эл аралык келишимдер Бул мыйзам республикада асыл тукум малды, анын генофондун сактоожана өнүктүрүү таламында асылдандыруу ишинин укуктук, экономикалык,уюштуруу негиздерин жөнгө салат. Асыл-тукум ишин жүргүзгөн мамлекеттикуюмдардын, ишканалардын, илимий мекемелердин, колхоздордун, совхоздор-дун жана башка айыл чарба ишканаларынын, кооперативдердин, фермердик,дыйкан чарбаларынын, ошондой эле ишкерлердин, анын ичинде чет элдик иш-керлердин укуктары менен милдеттерин аныктайт. 1-статья. Негизги түшүнүктөр жана субъекттер Асыл тукум иши - колдогу малдын сакталышына жана сапаттык жактанжакшырышына, алардын жањы тукумун, насилин жана түрлөрүн түзүүгө багыт-талган зоотехникалык, биогенетикалык жана уюштуруу-чарбалык иш-чаралар-дын системасы. Мамлекеттик асыл-тукум кызматы - бирикмелердин, илимий мекемелер-дин, асыл-тукум ишканаларынын, асыл-тукум заводдорунун, асыл-тукум чар-балардын, асыл-тукум фермаларынын, мамлекеттик атканалардын, ат майдан-дардын жана мал чарбасындагы асыл-тукум ишин уюштуруу жана жүргүзүү бо-юнча адистештирилген системаны түзгөн башка уюмдардын жыйындысынан ту-рат, ал өз иш-аракетин мамлекеттин атынан ишке ашырат. Асыл-тукум ишинин субъекттери - менчигинде асыл тукум мал күткөнграждандар жана юридикалык тараптар түзөт. Алардын негизги иши малдыназыктуулугун жана асыл тукумдуулугун сактоо жана жакшыртууга багыттал-ган иш чараларды жүзөгө ашыруу болуп саналат. 2-статья. Асыл-тукум иши жана мал чарбасында селекциялык-асылдандыруу ишин жүргүзүү укугу Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асыл-тукум иши Кыргыз Рес-публикасынын ушул Мыйзамы жана ага карама-каршы келбеген мыйзам актыла-ры менен жөнгө салынат. Кыргыз Республикасындагы асыл-тукум ишинин башкы субъектиси Мамле-кеттик башкаруу органы болуп саналат, ал бардык мамлекеттик асыл-тукумишканаларынын, асыл-тукум заводдорунун, асыл-тукум чарбалардын,асыл-тукум фермалардын, мамлекеттин атканалардын, ипподромдордун жанабашка мекемелердин ишин багыттап жана координациялап турат. Мамлекеттик асыл-тукум кызматынан лицензия алышкан мамлекеттик иш-каналар, кооператив, фермер, дыйкан чарбалары жана башка субъекттерасыл-тукум ишин жүргүзүүгө акылуу. 3-статья. Асыл тукум мал күткөн юридикалык адамдар менен граждандардын милдеттери Асыл-тукум мал күткөн юридикалык адамдар менен граждандар КыргызРеспубликасынын Айыл чарба министрлиги бекиткен асыл-тукум чарбаларынаттестациялоо жөнүндө Жобого ылайык аттестацияланууга тийиш. 4-статья. Асыл-тукум ишин жүргүзүү шарты Мамлекет асыл-тукум ишканаларынын жер участогуна, суу ресурстары-на, материалдык-техникалык жана финансы каражаттарына муктаждыктарынканааттандырууга гарантия берет. Мамлекет асыл-тукум иштери боюнча фундаменталдуу илимийизилдөөлөрдүн жүргүзүлүшүн, асыл тукум мал чарбасы үчүн жањы технологи-ялардын, аспаптар менен жабдуулардын иштелип чыгышын узак мөөнөттөгүмамлекеттик маанилүү селекциялык программалардын иштелип чыгышын жанажүзөгө ашырылышын, асыл-тукум кызматынын кадрларын даярдоону жана кайрадаярдоону, алардын чет өлкөлөрдөгү стажировкасын финансылайт. Мамлекеттик асыл-тукум мал заводдорунун, асыл-тукум ишканаларынынжери, асыл тукум малы, негизги өндүрүш каражаттары бөлүп кетүүгө жанаприватташтырууга жатпайт. (КР
2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясынаылайык) 5-статья. Генофондду жана селекциялык жетишкендиктерди коргоо Малдын генетикалык ресурстарын сактоо үчүн генофонддук чарбалар,урук, тукум клеткалар, түйүлдүктөр, зиготтор банкы уюштурулат, аларКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча корук деп эсептелет жанареспубликанын бюджетинин эсебинен финансыланат. Мамлекет мал чарбасындагы селекциялык жетишкендиктердин жана се-лекционерлер укугунун корголушун гарантиялайт. Селекциялык жетишкендик-тердин нормативдери илимпоздор менен адистер тарабынан иштелип чыгатжана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан бекитилет. 6-статья. Мамлекеттик асыл-тукум кызматы Мамлекеттик асыл-тукум кызматынын структурасы менен статусун Кыр-гыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги аныктайт. Асыл-тукум кызматынын системасына кирген бардык ишканалар, чарба-лар өздөрүнүн өндүрүштүк-чарбалык жана финансылык иштеринде түздөн-түзКыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине баш ийет. 7-статья. Асыл-тукум кызматынын максаты жана милдети Мамлекеттик малды асылдандыруу кызматынын максаты: Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик жана башка чарбаларында-гы селекциялык-асыл тукум иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык уюштуруу; малдын азыктуулугу жогору жањы тукумдарын, насилдерин, түрлөрүнтүзүү, Кыргыз Республикасындагы малдын жана бакма канаттуулардын колдо-гу генофондун сактоо жана өркүндөтүү; өтө баалуу асыл тукум малды өстүрүүнү жана көбөйтүүнү камсыз кы-луу; малды жана бакма канаттууларды каттоодон өткөрүүнү, идентификация-лоону уюштуруу, малды асыл-тукумдаштыруу документациясын жүргүзүү; асыл тукум иштеринде илимдин жетишкендиктери менен алдыњкы тажрый-баны практикага киргизүү, аларды малчылардын жана калктын арасында жа-йылтуу; мамлекеттик асыл-тукум заводдорун, асыл-тукум чарбаларын, асыл ту-кум фермаларын, фермерлердин, дыйкандардын чарбаларын жана ишкерлердитүзүү жана мезгил-мезгили менен апробациядан өткөрүүнү уюштуруу болупсаналат. 8-статья. Мамлекеттик асыл-тукум кызмат органдарынын компетенциясы Мамлекеттик асыл-тукум кызматынын компетенциясына: мал чарбачылыгындагы асыл-тукумдаштыруу ишин уюштуруу, асыл-тукумишинин маселелери боюнча нормативдик документтер менен сунуштарды иштепчыгуу; асыл тукум малдын көргөзмөлөрүн, кароолорун, тооруктарын жанаконкурстарын уюштуруу; асыл-тукум иштерин өркүндөтүү жана мамлекеттик асыл-тукум заводдо-рунун, асыл-тукум ишканаларынын жана башка асыл-тукум чарбаларынын ма-териалдык-техникалык, маданий-социалдык базаларын чыњдоо, зоотехникалыкилимдин, генетиканын жана биотехнологиянын жетишкендиктеринин негизиндеошол чарбаларда баалуу жасалма баалуу бадаларды түзүү; өндүрүштүк-финансы иштерге контроль жүргүзүү; өз ведомствосундагы асыл-тукум заводдорунда, асыл-тукум ишканала-рында жетекчи кадрларды тандоо жана жайгаштыруу; кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо; эл аралык уюмдарда жана чет өлкөлүк асыл тукум кызматтары мененкызматташууда асыл тукум маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын тала-мын коргоо кирет. 9-статья. Мал чарбасындагы асыл тукум ишинин абалына мамлекеттик контроль (Мам. асыл тукум инспекциясы) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин мамлекеттик асылтукум инспекциясы кайсы ведомствого баш ийерине жана менчиктин формасы-на карабай асыл тукум мал жана асыл тукум материал ээлеринин асыл тукуммал чарбасынын маселелери боюнча мыйзамдарды аткарышына контрольжүргүзөт. 10-статья. Асыл-тукум ишинин абалына контроль жүргүзүүчү мамлекеттик инспекциянын милдеттери жана укуктары Асыл тукум ишинин абалына мамлекеттик контроль жүргүзүүчү инспек-ция: мал чарбасындагы асыл-тукум ишинде бирдиктүү саясат жүргүзүүгө; селекциялык иштердин негизги багыттарын жана мал тукумун сапаттыкжактан жакшыртуу программаларын иштеп чыгууга катышууга; мал чарбасындагы асыл тукум иши боюнча мыйзам актыларын иштеп чы-гууга катышууга; асыл тукум чарбаларынын өз статусуна ылайык келер-келбесин мез-гил-мезгили менен текшерип турууга; асыл тукум иши жана малды жасалма уруктандыруу жагында илимий-тех-никалык жањылыктарды жайылтууга катышууга, селекционерлердин таламдарыменен укуктарын сактоого, коргоого көмөк көрсөтүүгө милдеткер. Асыл тукум кызматынын мамлекеттик инспекторлору: кызмат күбөлүгүн көрсөтүү менен зоотехникалык жана ветеринардыкобъекттерге токтоосуз кирүүгө; асыл тукум мал жана асыл тукум материал ээлерине асыл тукумдашты-руу иши жана малды жасалма уруктандыруу боюнча иш-чараларды өткөрүүдөгүкетирилген каталыктарды четтетүү жөнүндө сөзсүз аткаруу мөөнөтүн белги-леп көрсөтмө берүүгө; белгиленген тартипте: асыл тукумдаштыруу жана селекциялык иштерди башкаруу органдарынынуюштуруу структурасын жакшыртуу; асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүдө жетишкен ийгиликтери үчүнадистер менен илимпоздорду сыйлоо; бонитировка жана малды асылдандыруу иши боюнча башка иш-чаралардыөткөрүү боюнча сунуш киргизгенге; "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асыл тукум иши жөнүндө"Мыйзамды бузган күнөөлүү кызмат адамдарына жана адистерге администра-тивдик штраф салууга; зоотехникалык каттоо жүргүзүүдө тартип бузуулар аныкталганда туураэмес идентификация жүргүзүлгөндө жана малдын асылдуулугу туура эмесаныкталганда асыл тукум малды жана асыл тукум материалды сатууга тыюусалууга укуктуу. 11-статья. "Кыргыз Республикасынын мал чарбачылыгындагы асыл тукум иши жөнүндө" Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик "Кыргыз Республикасынын мал чарбачылыгындагы асыл тукум ишижөнүндө" Мыйзамды бузган күнөөлүү юридикалык адамдар менен граждандарКыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартат. 12-статья. Эл аралык келишимдер Эгер Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимде ушул Мыйзам-да келтирилген эрежелерден башка эрежелер көрсөтүлсө, анда эл аралыккелишимдин эрежелери колдонулат. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев