Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июну № 2019-П-15/32-1-(НПА)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу банктар аралык кредиттик операциялар боюнча жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу банктар аралык кредиттик операциялар боюнча жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелери бекитилсин (кошо тиркелет).
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:
- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/1 "Банктар аралык кредиттик операциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоодон өткөртүү эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому;
- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-октябрындагы № 47/10 "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуна карата тиркеменин 1-пункту;
- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 23-июнундагы № 2017-П-15/26-3-(НПА) "Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомуна карата тиркеменин 2-пункту;
- Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майдагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуна карата тиркеменин 1-пункту.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна караштуу Мамлекеттик пенсиялык топтолмо фондун, "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомун, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин жана Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы |
| Т.Абдыгулов |