Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 2019-П-12/34-4-(НПА)
"Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө" жобону жана "Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. "Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө" жобо (1-тиркеме) бекитилсин.
2. "Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө" жобо (2-тиркеме) бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:
1) Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-6-(НПА) "Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомунун:
- 1-пункту;
- токтомго карата тиркеме;
2) Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/3 "Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому;
3) Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 18/9 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомуна карата тиркеменин 30-пункту;
4) Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна карата тиркеменин 10-пункту;
5) Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 26-мартындагы № 12/8 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
6) Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана айрым ченемдик укуктук актыларын күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун 2-пунктчасы;
- токтомго карата тиркеменин 2-пункту.
4. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомду Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы бул токтомду үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"КР Улуттук банкынын ченемдик актылары" журналында N 4/2019 жарыяланды
6. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, "Кыргыз банктар бирлиги" юридикалык жактар бирикмесин, Финансылык фонд "БТ Инновэйшнс" микрокредиттик агенттигин, "А Плюс" камсыздандыруу компаниясы" ЖАКты, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы |
| Т.Абдыгулов |