Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-августу №112
2019-жылдын 24-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2019-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 5-июлундагы № 99 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколдорго ылайык, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 2 талапкер катталган - Миңбаев Дөөлөтбек Бодонович, Ташкулов Алибек Октомбекович - 2 талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.
Добуш берүүгө Кара-Суу айылдык кеңешиндеги 16 депутаты катышты.
Добуш берүүдө Миңбаев Д.Б. - 15; Ташкулов А.О. - 0; бардык талапкерлерге каршы - 1, добуш алышкан.
Шайлоонун натыйжасында Миңбаев Д.Б. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылган.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 24-июлундагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2 Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Миңбаев Дөөлөтбек Бодонович табылсын.
2. Аксы аймактык шайлоо комиссиясы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары |
| А.Бекматов |