Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-сентябры № 2019-П-33/47-4-(НФКУ)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 25-сентябрындагы № 2019-П-33/49-13, 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" Мыйзамынын 15-беренесине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган толуктоолор жана өзгөртүү (кошо тиркелет) киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна;
- (абзац Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 "Улуттук банк Башкармасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобосун бекитүү тууралуу" токтомуна;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) "Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна.
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Кепилдик фонддору ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде өз ишин ушул токтомго ылайык келтирсин.
(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 25-сентябрындагы № 2019-П-33/49-13 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын кепилдик фонддорун тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасынын милдетин аткаруучу |
Н.Жениш |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-4-(НФКУ) токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ТОЛУКТООЛОР ЖАНА ӨЗГӨРТҮҮ
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогорудагы токтом менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жобонун:
- 1.1-пункту "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына" деген сөздөрдөн кийин ", кепилдик фонддорго" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогорудагы токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү" жобонун:
- преамбула "Кредиттик союздардын финансы компаниясы" ААКсы," деген сөздөрдөн кийин "кепилдик фонддордун, " деген сөздөр менен толукталсын;
- 4.1-пункту "Кредиттик союздардын финансы компаниясы" ААКсынын" сөздөрдөн кийин ", кепилдик фонддордун" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогорудагы токтом менен бекитилген "Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө" жобонун:
- 1.2-пункту "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы" деген сөздөрдөн кийин ", кепилдик фонддорго" деген сөздөр менен толукталсын.
4. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогорудагы токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө" жобонун:
- 1-пункту "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсынын" деген сөздөрдөн кийин ", кепилдик фонддордун" деген сөздөр менен толукталсын.
5. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобосун бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогорудагы токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобонун:
- преамбуласынын биринчи абзацы "алмашуу бюросу" сөздөрүнө чейин "кепилдик фонд, " деген сөздөр менен толукталсын.
7. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогорудагы токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:
- 1-пункту "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын" деген сөздөрдөн кийин "жана кепилдик фонддордун" деген сөздөр менен толукталсын.
8. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогорудагы токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобонун:
- 1-главанын биринчи абзацы "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсына" деген сөздөрдөн кийин ", кепилдик фонддорго" деген сөздөр менен толукталсын.
9. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) "Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогорудагы токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:
- 1-пункту "коммерциялык банктар" деген сөздөрдөн кийин ", кепилдик фонддор" деген сөздөр менен толукталсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы |
Т.Абдыгулов |