Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-декабры №172
2019-жылы 27-ноябрда өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2019-жылы 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 13-ноябрындагы № 161 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 2 талапкер - Абдуллаев Акжол Исманович жана Райимбердиев Исманали Жумабаевич катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.
Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2019-жылдын 27-ноябрындагы протоколу менен добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген. Добуш берүүгө Жаңы-Жер айылдык кеңешинин бардык 21 депутаты катышып, А.И.Абдуллаев - 10 добуш, И.Ж.Райимбердиев - 11 добуш алышкан, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилген.
Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2019-жылдын 27-ноябрындагы протоколу менен И.Ж.Райимбердиев Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылы 27-ноябрда өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.
1.1. Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Райимбердиев Исманали Жумабаевич Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |