Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-январы № 13
"Кыргыз Республикасынын шайлоолорунда жана референдумдарында шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө" Жобо тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартибин аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө" Жобо бекитилсин.
2. Күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл добуш берүүдө) добуш берүү үчүн бюллетендерди даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 14-ноябрындагы № 209 токтому;
- "Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 163 токтому;
- "Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 91 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын айылдарынын, поселкаларынын жана райондук баш ийүүдөгү шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчыларын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүү жана сактоо тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2001-жылдын 13-ноябрындагы № 521 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоонун, берүүнүн жана сактоонун тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 1999-жылдын 22-ноябрындагы № 169 токтому.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |