Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 1-ноябрындагы N 129 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 38 токтому менен бекитилген
|
Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жѳнүндѳ
ЖОБО
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 25-июлундагы № 140 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө ушул Жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик маалымат тутумун - шайлоочуларды эсепке алуунун маалыматтарынын корголушун жана сакталышын камсыздоонун, алардын башка маалымат тутумдары менен өз ара аракеттешүүсүнүн Бирдиктүү тутумун пайдалануу аркылуу Кыргыз Республикасында шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын түзүү, жүргүзүү, жаңыртуу жана эсепке алуу тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө", "Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө", "Электрондук кол тамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
3.Жободо:
1) төмөндөгүдөй терминдер пайдаланылат:
шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ - Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун мыйзамдарда белгиленген бардык типтери;
шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (жарандын паспортундагы жашаган жерин каттоо жөнүндө/электрондук чиптеги жазуу белгиси менен);
Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму (ШЭБТ) - шайлоочулар, референдумдун катышуучулары (мындан ары - шайлоочулар) тууралуу маалыматтарды түзүү, тутумдаштыруу жана актуалдаштыруу үчүн шайлоолорго жана референдумга катышууга Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарынын кепилдиктерин камсыздоо, шайлоочулардын тизмесин жана референдумга катышуучулардын тизмесин (мындан ары - шайлоочулардын тизмесин) түзүү, шайлоолордун аралыгында статистиканы жана отчетторду түзүү жана Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдум өткөрүү максатында жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик маалымат тутуму;
Кыргыз Республикасынын Калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (КБМК) - Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтарды жыйноо, сактоо, актуалдаштыруу жана талдоого арналган Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү автоматташтырылган жеке эсептеринин тутуму;
шайлоочулар - жигердүү шайлоо укугу бар Кыргыз Республикасынын жараны;
шайлоо дареги - шайлоочунун туруктуу жашаган жери болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипке ылайык ал добуш берүүнү каалаганын билдирген дареги;
шайлоочунун, референдумдун катышуучусунун жеке маалыматтары - шайлоочунун жеке инсандыгын тастыктаган документте көрсөтүлгөн/электрондук чипте жазылган Кыргыз Республикасынын шайлоочусунун, референдумга катышуучусунун жеке иденттештирүү номери, фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, туруктуу жашаган жеринин дареги камтылган маалыматтар;
туруктуу жашаган жер - жарандын тиешелүү документинде каттоо органдарынын белгиси менен бышыкталган, Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турган жери;
шайлоочулардын тизмеси - электрондук жана кагаз жүзүндө, калктын Бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде түзүлгөн, добуш берүү күнү жигердүү шайлоо укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмеси, ал даяр экендигинин жана багытталышынын деңгээлине жараша алдын ала, контролдук жана биротоло деп бөлүнөт;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар - Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоону жана эсепке алууну ар түрдүү формада ишке ашырган мамлекеттик органдар;
шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын эсепке алуу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген негиздер боюнча шайлоочулардын тизмесине жарандарды киргизүү, чыгарып салуу, шайлоочулар тууралуу маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү;
жергиликтүү жамааттын мүчөсү - тийиштүү айыл аймагында, шаарда туруктуу жашаган жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамаат менен жалпы кызыкчылыктар байланыштырган Кыргыз Республикасынын жараны. Жергиликтүү жамаатка шайлоочунун мүчөлүгү жарандын паспортунда жашаган жерин каттоо жөнүндө белги аркылуу белгиленет;
2) төмөнкүдөй кыскартуулар пайдаланылат:
МКК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы;
БШК - Борбордук шайлоо комиссиясы;
АШК - аймактык шайлоо комиссиясы;
УШК - участоктук шайлоо комиссиясы;
ЖИН - жеке иденттештирүү номери;
4. ШЭБТдеги шайлоочулар, референдумдун катышуучулары (мындан ары - шайлоочулардын тизмеси) тууралуу маалыматтар Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен (мындан ары - КБМР) автоматтык түрдө жүктөлүп алынган маалыматтардын жана Кыргыз Республикасында жарандарды каттоонун жана эсепке алуунун ар түрдүү формаларын ишке ашырган мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтардын негизинде түзүлөт.
5. Шайлоочулардын тизмеси мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө бүткүл республика боюнча шайлоо участоктору боюнча түзүлгөн электрондук тизме түрүндө түзүлөт жана жаңыланып турат:
- шайлоолорго жана референдумга даярдоо мезгилинде - күн сайын;
- шайлоолордун аралыгында - ай сайын.
Электрондук тизмедеги ар бир жазуу уникалдуу иреттик номерге ээ болот.
6. ШЭБТде камтылган шайлоочулар тууралуу маалыматтарды өзгөртүү КБМКдагы маалыматтардын жана Кыргыз Республикасынын жарандарын эсепке алуунун жана каттоонун ар түрдүү формаларынын негизинде жүргүзүлөт.
ШЭБТде камтылган шайлоочулар тууралуу маалыматтарды өзгөртүүдө себеби көрсөтүлүп, тийиштүү жазуунун уникалдуу иреттик номери сакталып, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган аракеттерди сактоо жүргүзүлөт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маалыматтардын кагаз түрүндөгү нускасы кийинки шайлоону өткөргөнгө чейин сакталат.
7. ШЭБТде ар бир шайлоочуга 0ир гана туруктуу жазуу түзүлөт, ал ушул Жободо белгиленген тартипте түзүлгөн шайлоочулардын төмөндөгү жеке маалыматтарынын топтомун өзүнө камтыйт:
- ПИН;
- фамилия, аты, атасынын аты;
- туулган датасы;
- жынысы;
- паспортто көрсөтүлгөн туруктуу жашаган жеринин дареги.
8. Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнү 18 жаш куракка жеткен, биометрикалык каттоодон өткөн, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган, Кыргыз Республикасынан сырткары жашаган/жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) эсепте турган Кыргыз Республикасынын жараны киргизилет.
9. Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жашаган жана жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) эсепте турган жана биометрикалык каттоодон өткөн, кылмыш жасоого шектелген жана/же айыпталган катары камакта кармоо жайларында турган шайлоочуларды, аскер бөлүктөрүнүн чектеринде жашап турган аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, дарылоо-профилактикалык стационарда тургандарды эсепке алуу Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттешүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык ишке ашырылат.
2. Шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жана ШЭБТдеги шайлоочулар тууралуу маалыматтарды тактоонун тартиби
10. Шайлоочулардын алдын ала тизмеси биометрикалык каттоодон өткөн, добуш берүү күнү 18 жаш куракка жеткен, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган, Кыргыз Республикасынан сырткары жашаган/убактылуу жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) эсепте турган Кыргыз Республикасынын жараны жөнүндө маалыматтарды КБМКдан автоматтык түрдө көчүрүп алуу менен МКК тарабынан түзүлөт.
Алдын ала тизме Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына шайлоо, референдум өткөрүүдө добуш берүү күнүнө чейин 80 (сексен) календардык күн мурда жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарына шайлоо өткөрүүдө добуш берүү күнүнө чейин 60 (алтымыш) календардык күн мурда, шайлоочунун туруктуу же болбосо иш жүзүндө жашаган жери, туулган датасы тууралуу маалыматтарды көрсөтпөй туруп, участоктор, райондор жана шаарлар боюнча тааныштыруу жана шайлоочулардын тизмесиндеги көрсөтүлгөн маалыматтарды тийиштүү түрдө оңдоо, каталарын жана так эместиктерди аныктоо үчүн "Тизме" мамлекеттик порталына жайгаштырылат.
11. Мамлекеттик порталда жайгаштырылган жана ар бир шайлоо участогу боюнча түзүлгөн алдын ала тизме 1-тиркемеге ылайык БШК тарабынан ШЭБТден басылып алынат жана добуш берүү күнүнө чейин 75 (жетимиш беш) календардык күн мурда (Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарына шайлоолорду өткөрүүдө добуш берүү күнүнө чейин 55 (элүү беш) календардык күн мурда) участоктук шайлоо комиссияларына берилет.
12. Участоктук шайлоо комиссиясы (мындан ары - УШК) тийиштүү шайлоо участогунун аймагында жашаган шайлоочулардын таанышуусу үчүн шайлоочулардын алардын ала тизмесин добуш берүү күнүнө чейин 70 (жетимиш) календардык күн мурда (Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарына шайлоолорду өткөрүүдө добуш берүү күнүнө чейин 50 (элүү) календардык күн мурда) илип коюуга милдеттүү.
13. БШК добуш берүү күнүнө чейин 35 (отуз беш) календардык күндөн кечиктирбестен шайлоочулар тууралуу актуалдаштырылган маалыматтар камтылган 2-тиркемеге ылайык формада ШЭБТден контролдук тизмени басып чыгарып, УШКга жөнөтөт.
УШК добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн мурда шайлоочуларды тааныштыруу үчүн шайлоочулардын контролдук тизмесин илип коюуга милдеттүү.
Контролдук тизме тийиштүү участок боюнча тизмеге киргизилген шайлоочулардын фамилиясьшан, атынан, атасынын атынан тышкары башка маалыматтарды камтыбоого тийиш.
14. Шайлоочулардын тизмесинде каталар же так эместиктер жөнүндө, шайлоо дареги боюнча добуш берүүнү каалагандыгы тууралуу шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу шайлоочулардын тизмеси таанышуу үчүн илингенден баштап, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күн мурда токтотулат.
Арыздар иштелип чыккандан кийин БШК 3 жана 4-тиркемелерге ылайык ШЭБТден алынган шайлоочулардын биротоло тизмесин түзөт жана басып чыгарат. Мында шайлоочулардын контролдук жана биротоло тизмеси милдеттүү түрдө КБМКдагы маалыматтар менен салыштырылууга жана актуалдаштырылууга жатат.
15. БШК добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндө идентификациялоо жабдууларынын комплектерин даярдоо үчүн шайлоочулардын электрондук түрдөгү акыркы тизмесин МККга берет.
16. БШК добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күн мурда эки нускадагы номер коюлган, көктөлгөн жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын биротоло тизмесин тийиштүү УШКга берет. Мында ар бир шайлоо участогу боюнча илинүүгө жаткан шайлоочулардын биротоло тизмесинин кагаз түрүндөгү экинчи нускасында биротоло тизмеге киргизилген шайлоочулардын жашаган жери жөнүндө маалымат камтылууга тийиш эмес. Шайлоочулардын биротоло тизмесинде камтылган жеке маалыматтарды берүү, көчүрүү, жарыялоо жолу менен жайылтуу мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.
17. Тийиштүү УШК биротоло тизменин кагаз түрүндөгү экинчи нускасын шайлоо участогуна илип коюуга милдеттүү.
18. Шайлоочулардын илинген биротоло тизмесин шайлоочунун же байкоочунун фото-видеотартуусуна чектөө коюлбайт.
19. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүү күнү добуш берүүгө укуктуу.
20. Шайлоочулардын тизмесине ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн жарандар киргизилет, ошондой эле жарандар төмөндөгү себептер боюнча шайлоочулардын тизмесинен чыгарылат:
- жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгарылгандар;
- соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтүүдө;
- сот тарабынан жаран аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылганда;
- өлгөндө, каза болгондугу жөнүндө жарандык абалдын актысында мамлекеттик каттоонун жазуусу менен тастыкталганда же жаранды өлдү деп жарыялоо тууралуу соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 25-июлундагы № 140 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Шайлоо дарегин өзгөртүү тууралуу, шайлоочулардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алуунун жана иштеп чыгуунун тартиби
21. Ар бир шайлоочу шайлоочулардын тизмеси менен таанышкан учурдан тартып, шайлоочулардын тизмесинде кандай гана болбосун каталарды же так эместиктерди тапканда, ошондой эле шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө ниеттенгенде, бирок добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен, тийиштүү участоктук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн (ал эми Кыргыз Республикасынын чектеринен сырткары жашаган же жүргөн адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн, ал эми ал жок болгондо - Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун, кызматтык же дипломатиялык паспортунун көчүрмөсүн) милдеттүү түрдө тиркөө менен, 5-тиркемеге ылайык белгиленген үлгүдөгү арызын берүү жолу менен кайрылууга укуктуу. Мында шайлоочу биометрикалык иденттештирүүдөн өтөт.
Мындай арыздарды УШК токтоосуз түрдө тийиштүү чараларды көрүүсү үчүн АШКдагы БШКнын тийиштүү тутумдук администраторуна берет.
Шайлоочу ошондой эле "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу арыздарды электрондук форматта берүүгө укуктуу. Арызды электрондук форматта берүү тартиби өзүнчө жобо менен аныкталат.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 25-июлундагы № 140 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Шайлоочулардын тизмесинде шайлоочу жок болуп калган учурда УШКнын мүчөсү шайлоочуну "Тизме" мамлекеттик порталы аркылуу издейт.
Эгерде шайлоочу шайлоо участокко тиешеси жок болсо, анда УШКнын мүчөсү БШКнын тийиштүү АШКдагы тутумдук администратору менен биргеликте шайлоочуга шайлоо процессинде колдонуучу маалыматтык тутумдардын жана маалыматтар базаларынын негизинде паспортундагы белгисине ылайык шайлоо участогун аныктоого жардам берет.
Шайлоочу биометрикалык каттоодон өтүп, бирок шайлоочулардын жалпы тизмесинде шайлоочу жок болгон учурда, УШКнын мүчөсү шайлоочуга шайлоочулардын тизмесине киргизүү тартибин түшүндүрөт, биометрикалык каттоосу жок болгон учурда биометрикалык каттоодон өтүү үчүн жакын жайгашкан биометрикалык маалыматтарды чогултуу пункттарынын даректерин берет.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 25-июлундагы № 140 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Шайлоочулардын тизмесинде ар кандай катаны же так эместикти тапкан учурда шайлоочу ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык 1-форма боюнча арыз берүүгө укуктуу.
Эгерде шайлоочу паспортундагы белгиси боюнча бекитилген схемаларга жана чек-араларга ылайык шайлоо участокко тиешелүү болсо тиешелүү УШК тарабынан 1-формадагы арыз кабыл алынат.
Шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниетин билдирген учурда шайлоочу тийиштүү УШКга ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык 2-форма боюнча арыз берет.
Бир эле калктуу конуштун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын ичинде шайлоо дарегин өзгөртүүгө жол берилбейт жана мындай арыздар шайлоо комиссиялары тарабынан кабыл алынбайт. Эрежеден тышкары шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, жарандарды идентификациялоо жана автоматтык эсептөөчү урналарды тейлөө боюнча жумушка тартылган адамдар, шайлоо күнү коомдук тартипти камсыз кылган укук коргоо органдарынын кызматкерлери, байкоочулар, талапкерлердин/саясий партиялардын шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрү үчүн 2-формадагы арыздарды белгиленген мөөнөттө берген шартта бир калктуу конуштун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын ичинде шайлоо дарегин өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
УШКдагы шайлоочулардын саны мыйзамда белгиленген шайлоочулардын максималдуу санына жеткен учурда, шайлоочуга ыңгайлуу болгон жакынкы шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесине киргизүү жөнүндө арыз берүү сунушталат.
Кайра добуш берүү өткөрүлгөн учурда шайлоочулардын тизмесинде өзгөртүүлөр актуализациялоо тартибинде жүргүзүлөт.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 25-июлундагы № 140 токтомунун редакциясына ылайык)
24. УШК мүчөсү шайлоочуну иденттештирүү жол-жоболорун жүргүзөт, көрсөтүлгөн маалыматтар паспорттогу белгилер менен туура толтурулгандыгын текшерет жана арыздын төмөн жагында орун алган арызды иштеп чыгуу статусун тактоо боюнча маалымат менен кесилген талонду шайлоочуга тапшырат.
25. Биометрикалык иденттештирүү өткөрүлгөндөн кийин иденттештирүүдөн ийгиликтүү өткөрүлгөнү тууралуу чек басылып чыгарылат жана шайлоочунун арызына тиркелет.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо биометрикалык иденттештирүүдөн өтүү учурунда шайлоочу ушул Жобонун 3-пунктунун 1-пунктчасынын жетинчи абзацына ылайык жарандын паспортунда жашаган жери жөнүндө каттоо белги менен аныкталган жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналбагандыгы аныкталса, УШК мүчөсү 1-форма боюнча арызды кабыл албайт.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 25-июлундагы № 140 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Идентификациялоо оператору ушул Жобонун 7 жана 8-тиркемелерине ылайык шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоонун жыйынтыктары боюнча арыздардын жыйынды реестрин түзүп, каталарды же так эместиктерди оңдоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү үчүн аларды АШКдагы тутумдук администраторуна жөнөтөт.
Жыйынды реестрге шайлоочулардын өз колу менен толтурулган жана кол койгон арыздары, шайлоочунун идентификациядан өткөн чектер жана паспорттордун көчүрмөлөрү тиркелет.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 25-июлундагы № 140 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Шайлоочулардын кагаз түрүндөгү сыяктуу эле, "Шайлоочунун кабинети" аркылуу келип түшкөн арыздарын иштеп чыгуу БШКнын АШКдагы тутумдук администратору тарабынан жүргүзүлөт.
Арыздарды иштеп чыгуунун натыйжалары жөнүндө жооп кагаз же электрондук билдирүү түрүндө арыз кабыл алынган күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирбестен арызда көрсөтүлгөн дарек жана/же байланышуу маалыматтары боюнча жөнөтүлөт.
28. Шайлоочулардын таанышуусу үчүн шайлоочулардын тизмеси "Тизме" мамлекеттик порталында ар дайым жеткиликтүү болуп турат.
Шайлоолорду, референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде "Тизме" мамлекеттик порталында шайлоочулардын тизмеси күн сайын, ал эми шайлоолор аралыгында ай сайын жаңыланып турат.
29. "Тизме" мамлекеттик порталында жеткиликтүү болгон шайлоочулардын тизмеси төмөндөгүдөй маалыматтарды камтыйт:
- УШК номери;
- шайлоочунун фамилиясы, аты, атасынын аты;
- (абзац КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 25-июлундагы № 140 токтомуна ылайык алынып салынды)
- шайлоочунун которулуп туруусунун таржымалы.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 25-июлундагы № 140 токтомунун редакциясына ылайык)
30. (КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 25-июлундагы № 140 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. ШЭБТ маалыматтык тутумундагы маалыматтардын корголушу жана сакталышы
31. ШЭБТде турган жеке маалыматтар купуя маалыматтарга кирет.
32. БШК ШЭБТде турган жеке маалыматтардын сакталышын жана коопсуздугун, санкцияланбаган кирүүгө, жок кылууга, өзгөртүүгө же жоготууга жол бербөөнү камсыздайт.
33. ШЭБТге кирүү үчүн БШКнын ШЭБТ администратору АШКнын тутумдук администраторлоруна жеке логин жана пароль ыйгарат, ал пайдалануучуну иденттештирүүнү камсыздайт. Тутумга кирүү үчүн жеке паролду ШЭБТде биринчи жолу авторизациялоо учурунда өзгөртүүгө тийиш. Логин жана паролду үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө, жарыялоого жол берилбейт. Пайдалануучулардын бардык аракеттери тутумда логдоштурулат.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 25-июлундагы № 140 токтомунун редакциясына ылайык)
34. ШЭБТге кирүү жеке маалыматтар менен иштөө үчүн кирүүгө тийиштүү формасы бар БШКнын кызматкерлерине берилет:
- БШКнын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызматкерлерине - ШЭБТни коштоп жүрүү үчүн;
- АШКнын тутумдук администраторлоруна - жарандардан түшкөн 1 жана 2-формалардагы арыздарды иштеп чыгуу үчүн.
35. Каттоо жана кирүү жол-жобосу Маалыматтык коопсуздук саясатына ылайык жүргүзүлөт.
36. 34-пунктту кошпогондо, башка кызматкерлерге жана башка максаттар менен ШЭБТге кирүүгө тыюу салынат. Ушул пункт бузулган учурда кызматтык текшерүү демилгеленет. Кызматтык текшерүүнү демилгелөө жана жүргүзүү жол-жобосу Маалыматтык коопсуздук саясатына ылайык жүргүзүлөт.
37. Пайдалануучунун бардык аракеттери сессиянын убактысын, пайдалануучунун фамилиясын, атын, атасынын атын жана логинин көрсөтүү менен ШЭБТде милдеттүү түрдө катталат.
38. 34, 35, 36-пункттарда көрсөтүлгөн бузуулар жөнүндө фактылар тууралуу 24 сааттын ичинде БШКнын жетекчилигине жана мүчөлөрүнө кабарланат.
39. ШЭБТдеги маалыматтар базасын сактоону камсыздоо үчүн ШЭБТ администратору тарабынан жума сайын резервдик көчүрмөлөр түзүлөт, алар резервдеги серверде сакталат.
Шайлоолорду жана референдум өткөрүү учурунда резервдик көчүрмөлөр күн сайын арыздарды иштеп чыгуу аяктагандан кийин тутумду пайдалануу зарылдыгы болгондо түнү 00:00дөн 01:00гө чейин түзүлөт.
40. МККдан байланыштын электрондук каналы боюнча, ошондой эле маалыматтардын тышкы сактагычтары аркылуу файлдарды БШКга берүүдө алардын бүтүндүгүн жана укуктук маңызынын сакталышын камсыздоо үчүн берилген бардык файлдарга электрондук санариптик кол тамганы пайдалануу менен берген тараптын ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан кол коюлат.
41. КР жарандарын каттоонун жана эсепке алуунун ар кандай түрлөрүн ишке ашырган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, мекемелеринин, уюмдарынын жетекчилери шайлоочулар тууралуу өз учурунда эмес, так эмес, толук эмес, анык эмес жана жалган маалыматтарды бергендиги үчүн, ошондой эле жеке мүнөздөгү маалыматтарга тийиштүү маалыматтарды жарыя кылгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
|
| 1-тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИН/ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН/ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРДИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООЛОРГО/РЕФЕРЕНДУМГА КАТЫШУУ ҮЧҮН ШАЙЛООЧУЛАРДЫН АЛДЫН АЛА ТИЗМЕСИ
"____" ________________ 20____-жыл
_____________________________________________________ аймактык шайлоо комиссиясы
№ __________________________________________________________________ шайлоо участогу
(добуш берүү үчүн участок жайгашкан жердин номери жана дареги)
№ и/н | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Туулган жылы (датасы*) |
1 |
|
|
2 |
|
|
3 |
|
|
4 |
|
|
5 |
|
|
6 |
|
|
7 |
|
|
8 |
|
|
9 |
|
|
10 |
|
|
11 |
|
|
12 |
|
|
(*) 18 жаштагы шайлоочулар үчүн туулган күнү, айы, жылы көрсөтүлөт
Шайлоочулардын ушул тизмесинде N + __________ барак
________________________________________________________ | М.О. | _____________________ |
(АШКнын төрагасынын фамилиясы, аты, атасынын аты жана колу) |
|
|
Беттин № ____________
|
| 2-тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИН/ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН/ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРДИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООЛОРГО/РЕФЕРЕНДУМГА КАТЫШУУ ҮЧҮН ШАЙЛООЧУЛАРДЫН КОНТРОЛДУК ТИЗМЕСИ
"____" ________________ 20____-жыл
_____________________________________________________ аймактык шайлоо комиссиясы
№ и/н | Фамилиясы, аты, атасынын аты |
1 |
|
2 |
|
3 |
|
4 |
|
5 |
|
6 |
|
7 |
|
8 |
|
9 |
|
10 |
|
№ __________________________________________________________________ шайлоо участогу
(добуш берүү үчүн участок жайгашкан жеринин номери жана дареги)
Шайлоочулардын ушул тизмесинде N + __________ барак
________________________________________________________ | М.О. | _____________________ |
(АШКнын төрагасынын фамилиясы, аты, атасынын аты жана колу) |
|
|
Беттин № ____________
Беттин № ____________
|
| 3-тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИН/ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН/ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРДИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООЛОРГО/РЕФЕРЕНДУМГА КАТЫШУУ ҮЧҮН ШАЙЛООЧУЛАРДЫН АКЫРКЫ ТИЗМЕСИ
"____" ________________ 20____-жыл
_____________________________________________________ аймактык шайлоо комиссиясы
№ __________________________________________________________________ шайлоо участогу
(участоктун номери, аталышы жана жайгашкан жери)
№ к/н | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Туулган жылы (датасы*) | Туруктуу жашаган жеринин дареги (паспорттогу белги боюнча) | Паспорттун сериясы жана номери | Шайлоочунун колу | Участоктук шайлоо комиссиясынын жооптуу мүчөсүнүн колу | Өзгөчө белги |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
(*) 18 жаштагы шайлоочулар үчүн туулган күнү, айы, жылы
а) - |
|
|
| б) - |
|
|
| в) - |
|
|
|
___________________________________________________________ |
| _________________ |
(участоктук шайлоо комиссиясынын жоопту мүчөсүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты) |
| (колу) |
№ к/н | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Туулган жылы (датасы*) | Туруктуу жашаган жеринин дареги (паспорттогу белги боюнча) | Паспорттун сериясы жана номери | Шайлоочунун колу | Участоктук шайлоо комиссиясынын жооптуу мүчөсүнүн колу | Өзгөчө белги |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
(*) 18 жаштагы шайлоочулар үчүн туулган күнү, айы, жылы
а) - |
|
|
| б) - |
|
|
| в) - |
|
|
|
___________________________________________________________ |
| _________________ |
(участоктук шайлоо комиссиясынын жоопту мүчөсүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты) |
| (колу) |
№ к/н | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Туулган жылы (датасы*) | Туруктуу жашаган жеринин дареги (паспорттогу белги боюнча) | Паспорттун сериясы жана номери | Шайлоочунун колу | Участоктук шайлоо комиссиясынын жооптуу мүчөсүнүн колу | Өзгөчө белги |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
(*) 18 жаштагы шайлоочулар үчүн туулган күнү, айы, жылы
а) - |
|
|
| б) - |
|
|
| в) - |
|
|
|
___________________________________________________________ |
| _________________ |
(участоктук шайлоо комиссиясынын жоопту мүчөсүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты) |
| (колу) |
Шайлоочулардын ушул тизмесинде N + __________ барак
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! ДОБУШ БЕРҮҮ АЯКТАГАНДАН КИЙИН УЧАСТОКТУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫ ШАЙЛОО УЧАСТОКТОРУ БОЮНЧА ТӨМӨНКҮДӨЙ ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МААЛЫМАТТАРДЫ КИРГИЗҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ:
а) - |
|
|
|
|
| добуш берүү жайында шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын саны (добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш бергендиги тууралуу белги менен колдорду эсепке албаганда шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочулардын колдорунун саны боюнча белгиленет); |
| ||||||
б) - |
|
|
|
|
| жайдан тышкары добуш берүү үчүн бюллетень алган шайлоочулардын саны (шайлоочулардын тизмесиндеги тийиштүү белгилердин саны боюнча белгиленет); |
| ||||||
в) - |
|
|
|
|
| шайлоолорго катышкан шайлоочулардын саны ("а" жана "б" суммасы катары шайлоочулардын колунун саны боюнча белгиленет). |
| ||||||
Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз санаардын алдында шайлоочуларды каттоого жооптуу болгон участоктук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ар бир барактын аягында жайгашкан "а", "б" жана "в" квадраттарына беттер боюнча тийиштүү суммалык маалыматтарды киргизүүгө милдеттүү:
а) - |
|
|
| б) - |
|
|
| в) - |
|
|
|
|
|
| |||||||||
добуш берүү үчүн жайларда шайлоо бюллетень алган шайлоочулардын саны б) боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш бергендиги жөнүндө коюлган белги менен колдорду эсепке албай шайлоочулардын колунун саны боюнча белгиленет) | жайдан тышкары добуш берүү үчүн бюллетень алган шайлоочулардын саны (беттеги тийиштүү белгилердин саны боюнча белгиленет) | шайлоолорго катышуу бет боюнча а) жана б) суммасы катары белгиленет | |||||||||
Ар бир бетке ушул суммалык маалыматтар киргизилгенден кийин шайлоочулардын тизмесине шайлоочуларды каттоого жооптуу участоктук шайлоо комиссиясынын мүчөсү кол коёт жана шайлоочулардын тизмеси участоктук шайлоо комиссиясынын төрагасына берилет.
Участоктук шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы шайлоочулардын тизмесинин а), б) жана в) бардык беттери боюнча тийиштүү түрдө маалыматтарды суммалаштырат жана жыйынтыктоочу маалыматтарды шайлоочулардын тизмесинин акыркы бетиндеги "а", "б", "в" квадраттарына киргизет.
__________________________________________________ |
| _________________ |
УШКнын төрагасынын фамилиясы, аты, атасынын аты | М.О. | Датасы жана колу |
|
|
|
__________________________________________________ |
| _________________ |
УШКнын катчысынын фамилиясы, аты, атасынын аты | М.О. | Датасы жана колу |
|
|
|
__________________________________________________ |
| _________________ |
АШКнын төрагасынын фамилиясы, аты, атасынын аты | М.О. | Датасы жана колу |
|
| 4-тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИН/ЖОГОРКУКЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН/ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРДИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООЛОРДО/РЕФЕРЕНДУМДА ИЛҮҮ ҮЧҮН ШАЙЛООЧУЛАРДЫН АКЫРКЫ ТИЗМЕСИ
"____" ________________ 20____-жыл
_____________________________________________________ аймактык шайлоо комиссиясы
№ __________________________________________________________________ шайлоо участогу
(добуш берүү үчүн участоктун номери жана дареги)
№ к/н | Фамилиясы, аты, атасынын аты |
1 |
|
2 |
|
3 |
|
4 |
|
5 |
|
6 |
|
7 |
|
8 |
|
9 |
|
10 |
|
Шайлоочулардын ушул тизмесинде N + __________ барак
________________________________________________________ | М.О. | _____________________ |
(АШКнын төрагасынын фамилиясы, аты, атасынын аты жана колу) |
|
|
Беттин № ____________
|
| 5-тиркеме |
1-форма Участоктук шайлоо комиссиясы № __________________ ШАЙЛООЧУЛАРДЫН ТИЗМЕСИНЕ ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ АРЫЗ
Мен, ______________________________________________________________________,
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
Төмөндөгү дарек боюнча жашоочу:
___________________________________________________________________________
(даана тамгалар менен) (область, район, шаар. айыл аймагы, калктуу конуш)
____________________________________________________________________________
(көчө, үй, батир-эгер болсо)
шайлоо участогу так белгиленбегендигине байланыштуу № ________ шайлоо участогунун
номерин № _________ шайлоо участогуна оңдоп коюуңуздарды өтүнөм
АРЫЗДА КӨРСӨТҮЛГӨН МЕНИН МААЛЫМАТТАРЫМДЫ АВТОМАТТАШТЫРЫП
ИШТЕП ЧЫГУУГА, ӨТКӨРҮП БЕРҮҮГӨ ЖАНА САКТООГО МАКУЛМУН.
Персоналдык номер (ПИН) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Паспорттун көчүрмөсү берилди, биометрикалык иденттештирүү жүргүзүлдү.
Телефон: ______________ Электрондук почта: ___________________________________
Дата: "____" _______________________ 20_____-ж. Колу: __________________________
Арызды кабыл алган участоктук шайлоо комиссиясынын мүчөсү тарабынан толтурулат:
Арызда көрсөтүлгөн маалыматтар Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту
менен салыштырылып текшерилди. Биометрикалык идентификация тастыкталды.
Фамилиясы, аты, атасынын аты _________________________ Колу _________________
Арыз кабыл алынган дата: "____" _______________________ 20_____-ж.
Тутумда арызды иштеп чыгууга жооптуу тарабынан толтурулат:
АШК аталышы _______________________________________________________________
АШКдагы жооптунун колу, фамилиясы, аты, атасынын аты __________________________
Арыз иштелип чыккан дата: "____" _______________________ 20_____-ж.
Паспорттун (ID-карта) жана биометрикалык идентификация жөнүндө чектин көчүрмөсү жок арыз анык эмес!
---------------------------------------------------------------Кесүү сызыгы -------------------------- УШК МО
Урматтуу шайлоочу!
Арыз берилген датадан тартып 7 (жети ) күндөн кеч эмес Сизге арыздын каралуу
статусу жөнүндө шайлоо комиссиясы тарабынан жооп жөнөтүлөт.
Тизме (tizme.gov.kg) мамлекеттик порталын кароо менен Сиз шайлоочулардын
тизмесине туура кошулгандыгыңызга ынансаңыз болот.
№ ________________________ участкалык шайлоо комиссиясы
Арызды кабыл алган УШКнын мүчөсүнүн фамилиясы, аты,
атасынын аты жана колу____________________/___________
______________________________________________ УШК мүчөсүнүн байланыш номери
|
| 6-тиркеме |
2-форма Участоктук шайлоо комиссиясы № _______________ ШАЙЛОО ДАРЕГИН ӨЗГӨРТҮҮ ТУУРАЛУУ АРЫЗ
Мен, ______________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
Мени төмөнкү шайлоо дареги боюнча № __________ УШК шайлоочуларынын тизмесине
киргизип коюңуздарды өтүнөм:
____________________________________________________________________________
(область, шаар, район, айыл аймагы, калктуу конуш)
____________________________________________________________________________
(көчө, үй, батир - бар болсо)
Ошондой эле мени шайлоолор өткөрүлгөн учурда туруктуу жашаган жеримдин дареги
боюнча КР Президентин/КР ЖК депутаттарын шайлоодо/КР референдумунда
(керектүүсүнүн алды сызылсын) шайлоочулардын тизмесинен чыгарып коюуңуздарды суранам.
____________________________________________________________________________
(область, шаар, район, айыл аймагы, калктуу конуш)
____________________________________________________________________________
(көчө, үй, батир - бар болсо)
АРЫЗДА КӨРСӨТҮЛГӨН МЕНИН МААЛЫМАТТАРЫМДЫ АВТОМАТТАШТЫРЫП
ИШТЕП ЧЫГУУГА, ӨТКӨРҮП БЕРҮҮГӨ ЖАНА САКТООГО МАКУЛМУН.
Персоналдык номер (ПИН) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Паспорттун көчүрмөсү берилди, биометрикалык иденттештирүү жүргүзүлдү.
Телефон: ______________ Электрондук почта: ___________________________________
Дата: "____" _______________________ 20_____-ж. Колу: __________________________
Арызды кабыл алган участоктук шайлоо комиссиясынын мүчөсү тарабынан толтурулат:
Арызда көрсөтүлгөн маалыматтар Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту
менен салыштырылып текшерилди. Биометрикалык иденттештирүү тастыкталды.
Фамилиясы, аты, атасынын аты _________________________ Колу _________________
Арыз кабыл алынган дата: "____" _______________________ 20_____-ж.
Тутумда арызды иштеп чыгууга жооптуу тарабынан толтурулат:
АШК аталышы ______________________________________________________________
АШКдагы жооптунун колу, фамилиясы, аты, атасынын аты ________________________
Арыз иштелип чыккан дата: "_____" ___________________ 20__________-ж.
Паспорттун (ID-карта) жана биометрикалык идентификация жөнүндө чектин көчүрмөсү жок арыз анык эмес!
---------------------------------------------------------------Кесүү сызыгы -------------------------- УШК МО
Урматтуу шайлоочу!
Арыз берилген датадан тартып 7 (жети ) күндөн кеч эмес Сизге арыздын каралуу
статусу жөнүндө шайлоо комиссиясы тарабынан жооп жөнөтүлөт.
Тизме (tizme.gov.kg) мамлекеттик порталын кароо менен Сиз шайлоочулардын
тизмесине туура кошулгандыгыңызга ынансаңыз болот.
№ ________________________ участкалык шайлоо комиссиясы
Арызды кабыл алган УШКнын мүчөсүнүн фамилиясы, аты,
атасынын аты жана колу____________________/___________
______________________________________________ УШК мүчөсүнүн байланыш номери
|
| 7-тиркеме |
Шайлоочулардан участоктук шайлоо комиссиясына 1-форма боюнча келип түшкөн арыздардын РЕЕСТРИ
(2 нускада түзүлөт)
№ __________________________ УШК |
| Датасы: ________________ 20_____-ж. |
№ и/с | Арыз берилген дата | Шайлоочунун ЖИН жана фамилиясы, аты, атасынын аты | Арызды ШЭБТда иштелип чыгууну статусу | Арыздын ШЭБТда иштетилбегенинин себеби |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
6 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
N+1 |
|
|
|
|
| БААРДЫГЫ: |
|
|
|
Шайлоочулардын ушул тизмесинде N + __________ барак
Даярдалды: | ________________________________________ | _____________________ | __________________ |
| УШК мүчөсүнүн фамилиясы, аты атасынын аты | Датасы | Колу |
|
| УШК МО | |
Күбөлөндүрүлдү: | _________________________________________ | _____________________ | __________________ |
| УШК төрагасы фамилиясы, аты атасынын аты | Датасы | Колу |
|
|
|
|
Кабыл алды: | __________________________________________ | _____________________ | __________________ |
| АШК тутумдук администраторунун фамилиясы, аты атасынын аты | Датасы | Колу |
Иштеп чыгуудан кийин толтурулат:
Иштеп чыкты: | __________________________________________ | _____________________ | __________________ |
| АШК тутумдук администраторунун фамилиясы, аты атасынын аты | Датасы | Колу |
|
|
|
|
Алды: | _________________________________________ | _____________________ | __________________ |
| АШК мүчөсүнүн фамилиясы, аты атасынын аты | Датасы | Колу |
|
| 8-тиркеме |
Шайлоочулардан участоктук шайлоо комиссиясына 2-форма боюнча келип түшкөн арыздардын РЕЕСТРИ
(2 нускада түзүлөт)
№ __________________________ УШК |
| Датасы: ________________ 20_____-ж. |
№ и/с | Арыз берилген дата | Шайлоочунун ЖИН жана фамилиясы, аты, атасынын аты | Арызды ШЭБТда иштелип чыгууну статусу | Арыздын ШЭБТда иштетилбегенинин себеби |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
6 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
N+1 |
|
|
|
|
| БААРДЫГЫ: |
|
|
|
Шайлоочулардын ушул тизмесинде N + __________ барак
Даярдалды: | ________________________________________ | _____________________ | __________________ |
| УШК мүчөсүнүн фамилиясы, аты атасынын аты | Датасы | Колу |
|
| УШК МО | |
Күбөлөндүрүлдү: | _________________________________________ | _____________________ | __________________ |
| УШК төрагасы фамилиясы, аты атасынын аты | Датасы | Колу |
|
|
|
|
Кабыл алды: | __________________________________________ | _____________________ | __________________ |
| АШК тутумдук администраторунун фамилиясы, аты атасынын аты | Датасы | Колу |
Иштеп чыгуудан кийин толтурулат:
Иштеп чыкты: | __________________________________________ | _____________________ | __________________ |
| АШК тутумдук администраторунун фамилиясы, аты атасынын аты | Датасы | Колу |
|
|
|
|
Алды: | _________________________________________ | _____________________ | __________________ |
| АШК мүчөсүнүн фамилиясы, аты атасынын аты | Датасы | Колу |