Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020- жылдын 18-февралы №51
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жети-Өгүз, Баткен, Жалал-Абад, Токтогул, Ала-Бука жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Жети-Өгүз, Баткен, Жалал-Абад, Токтогул, Ала-Бука жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жети-Өгүз, Баткен, Токтогул, Ала-Бука жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Жети-Өгүз жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечимдери бекитилсин.
3. Жети-Өгүз, Баткен, Токтогул, Ала-Бука жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 18-февралындагы № 51 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
1 | Кызыл-Суу айылдык | Шамырканов Мирбек Турдубекович | Өз арызы | № 3, 23.01.2020-ж. |
2 | Мендибаев Самат Анварбекович | Өз арызы | № 4, 30.01.2020-ж. | |
3 | Колесников Роман Александрович | Өз арызы | № 5, 13.02.2020-ж. | |
Баткен облусу | ||||
Баткен району | ||||
4 | Самаркандек айылдык | Рахман уулу Тайирбек | Өз арызы, башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 90, 24.01.2020-ж. |
5 | Кара-Бак айылдык | Каламбеков Абдикарим Саалыевич | Өз арызы, айыл өкмөтү башчысы болуп шайланышы | № 90, 24.01.2020-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
6 | Токтогул шаардык | Исаков Максат Муктарбекович (№ 2) ("КСДП" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 4, 10.02.2020-ж. |
Кара-Көл шаары | ||||
7 | Кара-Көл шаардык | Дуйшалыев Аскат Дуйшалыевич (№ 2) ("Энергетик" деп. фракциясы) | Жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу | № 7, 12.02.2020-ж. |
Ала-Бука району | ||||
8 | Ала-Бука айылдык | Койчумбаев Самат Искендербекович | Өз арызы | № 4, 13.02.2020-ж. |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 18-февралындагы № 51 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
1 | Кызыл-Суу айылдык | Мендибаев Азамат Анварбекович | Өз арызы | № 4, 30.01.2020-ж. |
2 | Супатаев Канатбек Аалиевич | Өз арызы | № 5, 13.02.2020-ж. | |
Жалал-Абад облусу | ||||
Жалал-Абад шаары | ||||
3 | Жалал-Абад шаардык | Юнусов Бахтияр Камчиевич (№ 10) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | № 43/27, 12.02.2020-ж. |
4 | Мамытова Кульнара Мухаметовна (№ 11) (КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
5 | Айтахунов Жумабай Абдрахманович (№ 12) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
6 | Токтогулова Гулжамал Тыныбековна (№ 14) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
7 | Джолдошев Доолатбек Ниязович (№ 15) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
8 | Торогелдиева Эльмира Каналыевна (№ 18) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
9 | Мрзахидова Миясар Инамжановна (№ 20) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
10 | Касымалиев Бекболот Байышевич (№ 22) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
11 | Күкумбаева Кулумкан Асановна (№ 23) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
12 | Сакбаева Зулфия Исраиловна (№ 26) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
13 | Раматилаев Азамат Абдыкадырович (№ 28) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
14 | Ахмедахунова Мухаббат Осмонахуновна (№ 29) ("КСДП" с/п) | Өз арызы | ||
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 18-февралындагы № 51 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
1 | Кызыл-Суу айылдык | Султанов Мирбек Кирович | Пенсионер | № 3, 23.01.2020-ж. |
2 | Жаанбаева Гүлбара Шаршембиевна | Райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын бөлүм башчысы | № 04, 30.01.2020-ж. | |
3 | Черикчиев Сабдарбек Айтбаевич | Дыйканчы |
| |
Баткен облусу | ||||
Баткен району | ||||
4 | Самаркандек айылдык | Таштанов Махмутжан Назирбаевич | Убактылуу иштебейт | № 90, 24.01.2020-ж. |
5 | Кара-Бак айылдык | Норузов Нуридин Абдирасулович | Убактылуу иштебейт | № 90, 24.01.2020-ж. |
Джалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
6 | Токтогул шаардык | Тойчубеков Урмат Кадырбекович (№ 8) ("КСДП" с/п) | Жеке ишкер | № 5, 10.02.2020-ж. |
Кара-Көл шаары | ||||
7 | Кара-Көл шаардык | Джуматаев Талайбек Оматбекович (№ 28) ("Энергетик" с/п) | Токтогул ГЭС, инженер | № 8, 12.02.2020-ж. |
Ала-Бука району | ||||
8 | Ала-Бука айылдык | Балтагулов Азисбек Шавкатбекович | Электромонтер | № 5, 13.02.2020-ж. |