Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2020-жылдын 15- сентябры №99
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга “Биримдик, ишеним, жаратмандык” программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планынын аткарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын салымдары боюнча алардын ишин баалоо үчүн негизги индикаторлордун тизмеcин бекитүү жөнүндө
2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Улуттук стратегиясы боюнча иштерди жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-июлундагы № 348 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдер менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтомунун жоболорун баскыч баскыч менен ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы №329 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоо жөнүндө” токтомунун 4- пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоонун негизги индикаторлорунун тизмеcи, 1 тиркемеге ылайык;
жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин ишин баалоонун негизги индикаторлорунун тизмеcи, 2 тиркемеге ылайык;
Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишин баалоонун негизги индикаторлорунун тизмеги, 3 тиркемеге ылайык.
2. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына республикалык деңгээлден аймактык деңгээлге чейин бирдиктүү пландоо тутумун киргизүү, ошондой эле иш пландарын жана алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду синхрондоштуруу максатында 1, 2, 3-тиркемелерде келтирилген баалоо боюнча негизги индикаторлорун 2021-жылга иш планын иштеп чыгууда максаттуу түрдө колдонуу сунушталсын.
3. Региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жетекчилери менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-июлундагы №348 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетүү боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын ишин баалоону пландоо Методикасына ылайык жыйынтыктарды баалоону жүргүзүү жана пландарды иштеп чыгуу көндүмдөрүнө көчмө окууну уюштурсун.
4. Региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгы ушул буйрук каттоодон өткөн күндөн баштап үч күндүн ичинде төмөнкүдөй чараларды көрсүн:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин расмий веб-сайттарында буйрукту жарыялоого;
Расмий жарыяланган күндөн кийин жети жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрүндө, анын маалымат булактарын көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жиберсин.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2019-жылдын 29-августундагы №125 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн он беш өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын министрнин орун басарына А.Ш. Алыбаевге жүктөлсүн.
Министр | С.Т. Муканбетов |
Статс-катчы
Министрдин орун басары
Министрдин орун басары
Министрдин орун басары
Министрдин орун басары
| А.О. Шаршеев
С.М. Ахматов
А.Ш. Алыбаев
Э.Т. Алишеров
Б.А. Алиев |