Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты № 86
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Суу, Нарын шаардык жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Кара-Суу, Нарын шаардык жана Кочкор аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу, Нарын шаардык жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Кара-Суу жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечимдери бекитилсин.
3. Кара-Суу, Нарын шаардык жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 23-мартындагы № 86 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
1 | Кашкар-Кыштак айылдык | Аматов Эркебай Айдарбекович | Өз арызы | № 17, 20.03.2020-ж. |
2 | Төлөйкөн айылдык | Халматов Алишер Нурмахаматович | Өз арызы | № 18, 20.03.2020-ж. |
3 | Бозарбоев Отабек Одилжонович | Өз арызы | № 19, 20.03.2020-ж. | |
4 | Кадыров Канатбек Сапарбаевич | Өз арызы | № 20, 20.03.2020-ж. | |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
5 | Нарын шаардык | Жумакадырова Назира Мамытовна (№ 3) ("КСДП" деп. фракциясы) | Өз арызы, башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 3, 16.03.2020-ж. |
6 | Аскарбеков Айбек Аскарбекович (№ 11) ("КСДП" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 3, 16.03.2020-ж. | |
Кочкор району | ||||
7 | Семиз-Бел айылдык | Бейшенбеков Бакыт Турсунбекович | Өз арызы | № 8, 16.03.2020-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 23-мартындагы № 86 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына саясий партиялардын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
1 | Төлөйкөн айылдык | Камилов Алишер Василжанович | Өз арызы | № 18, 20.03.2020-ж. |
2 | Хамиджанов Азамат | Өз арызы | № 19, 20.03.2020-ж. | |
3 | Усмонов Равшанбай Иргашбаевич | Өз арызы | № 19, 20.03.2020-ж. | |
Нарын облусу | ||||
Кочкор району | ||||
4 | Семиз-Бел айылдык | Алыбаев Жеңишбек Бейшебаевич | Өз арызы | № 9, 16.03.2020-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 23-мартындагы № 86 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
1 | Кашкар-Кыштак айылдык | Туманов Жаныбек Караевич | Убактылуу иштебейт | № 17, 20.03.2020-ж. |
2 | Төлөйкөн айылдык | Тешаев Элёр Давранович | Убактылуу иштебейт | № 18, 20.03.2020-ж. |
3 | Закиров Арапжан Рахманжанович | Убактылуу иштебейт | № 19, 20.03.2020-ж. | |
4 | Сайдазов Бактияр Абдумаликович | "Ош Электр" ААК инспектор | № 20, 20.03.2020-ж. | |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
5 | Нарын шаардык | Нуралиева Назгүл Молдалиевна (17) (п/п "СДПК") | Нарын мамлекеттик университетинин, сырттан окуу бөлүмүнүн башчысы | № 4, 20.03.2020-ж. |
6 | Мамытов Жаныбек Кубанаевич (14) (п/п "СДПК") | Нарын жылуулук ишканасында участканын башчысы | № 4, 20.03.2020-ж. | |
Кочкор району | ||||
7 | Семиз-Бел айылдык | Самудинов Турган Нурбекович | Дыйкан чарба | № 9, 16.03.2020-ж. |