Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-апрели № 89
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.М.Артыкбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунун 2019-жылдын 6-декабрындагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Осмонбек Мамбетжанович Артыкбаев 1997-жылдын 1-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган.
2020-жылдын 23-мартында Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар тууралуу иштер боюнча сот коллегиясынын өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Осмонбек Мамбетжанович Артыкбаевге карата 2019-жылдын 6-декабрындагы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун күнөө коюу өкүмү айрым өзгөртүүлөр менен күчүндө калтырылган.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 420-беренесине ылайык апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы, өкүмү ал жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет. 2020-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Осмонбек Мамбетжанович Артыкбаевге карата Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар тууралуу иштер боюнча сот коллегиясынын өкүмү мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары ага карата соттун күнөө коюу өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотула тургандыгы белгиленген. Көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу буга негиздер пайда болгон күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирилбестен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын чечими менен жүзөгө ашырылат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктун, 2-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарын, 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Осмонбек Мамбетжанович Артыкбаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Осмонбек Мамбетжанович Артыкбаевдин күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргызстан социал- демократиялык партиясы" парламенттик фракциясына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |