Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-июну № 104
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Чоң-Алай, Чаткал, Тоң, Кадамжай жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Чоң-Алай, Чаткал, Тоң, Кадамжай жана Лейлек аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай, Чаткал, Тоң, Кадамжай жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.
3. Чоң-Алай, Чаткал, Тоң, Кадамжай жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 9-июнундагы № 104 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ош облусу | ||||
Чоң-Алай району | ||||
1 | Чоң-Алай айылдык | Эсеналиев Максатбек Эсеналиевич | Өз арызы, башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 6, 13.02.2020-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Чаткал району | ||||
2 | Каныш-Кыя айылдык | Каратаев Улукбек Шаршенкулович | Өз арызы, башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 4, 26.05.2020-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
3 | Көк-Мойнок айылдык | Асаналиев Жекшенбай Усонгариевич | Каза болгонуна байланыштуу | № 9, 22.05.2020-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
4 | Кадамжай шаардык | Жолболдуев Турдахун Камчиевич (№ 5) ("Мекеним Кыргызстан" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 8, 19.05.2020-ж. |
5 | Абдырахманов Шамшидин Мирпазылович (№ 1) ("Мекеним Кыргызстан" деп. фракциясы) | Каза болгонуна байланыштуу | ||
Лейлек району | ||||
6 | Сумбул айылдык | Сулайманов Абдумомун Эшматович | Өз арызы, башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 15, 26.05.2020-ж. |
7 | Жаңы-Жер айылдык | Акбаров Маданбек Мухтарович | Өз арызы, башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 15, 26.05.2020-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 9-июнундагы № 104 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына саясий партиялардын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Чаткал району | ||||
1 | Каныш-Кыя айылдык | Ормошев Азамат Абдрасулович | Өз арызы | № 5, 26.05.2020-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 9-июнундагы № 104 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Чоң-Алай району | ||||
1 | Чоң-Алай айылный | Жусупов Акылбек Маматякутович | Дыйкан чарба | № 6, 13.02.2020-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Чаткал району | ||||
2 | Каныш-Кыя айылдык | Эралы уулу Урматбек | Убактылуу иштебейт | № 5, 26.05.2020-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
3 | Көк-Мойнок айылдык | Байбосунов Сыртбай Догдурбаевич | Жеке ишкер | № 9, 22.05.2020-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
4 | Кадамжай шаардык | Мадаминов Улугбек Сайпидинович (№7) (с/п "Мекеним Кыргызстан") | Жеке ишкер | № 9, 19.05.2020-ж. |
5 | Абдырахманов Асилбек Мирпазылович (№ 11) (с/п "Мекеним Кыргызстан") | "Финка банкта" эсепчи | ||
Лейлек району | ||||
6 | Сумбул айылдык | Батыров Пахриддин Аккулович | Дарыгер педиатр | № 15, 26.05.2020-ж. |
7 | Жаңы-Жер айылдык | Мадаминов Исламбек Гапырович | Мугалим | № 15, 26.05.2020-ж. |