Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-июну № 109
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ак-Суу, Түп, Тоң, Бакай-Ата, Кадамжай жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Ак-Суу, Түп, Тоң, Бакай-Ата, Кадамжай жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу, Түп, Тоң, Бакай-Ата, Кадамжай жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Ак-Суу, Түп, Тоң, Бакай-Ата жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечимдери бекитилсин.
3. Ак-Суу, Түп, Тоң, Бакай-Ата, Кадамжай жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 109 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
1 | Октябрь айылдык | Бакеев Самат Мэлисович | Өз арызы | № 6, 16.06.2020-ж. |
2 | Мукалаев Улукбек Сагынбекович | Өз арызы | № 6, 16.06.2020-ж. | |
3 | Соодонбеков Урмат Кадырович | Өз арызы | № 6, 16.06.2020-ж. | |
4 | Маркозиев Эрлан Октябрович | Өз арызы | № 6, 16.06.2020-ж. | |
5 | Усупов Нурмат Сатылканович | Өз арызы | № 6, 16.06.2020-ж. | |
Түп району | ||||
6 | Тогуз-Булак айылдык | Кабылбеков Октябрь Тимурланович | Өз арызы | № 7, 01.06.2020-ж. |
Тоң району | ||||
7 | Күн-Чыгыш айылдык | Анварбеков Жылдызбек Анварбекович | Жыйналыштарга 4 жолудан ашык келбегенине байланыштуу | № 5, 23.03.2020-ж. |
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
8 | Ак-Дөбө айылдык | Байтереков Касымбек Абдракманович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 8, 10.06.2020-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
9 | Алга айылдык | Жумабай уулу Учкунбек | Өз арызы | № 13, 15.06.2020-ж. |
10 | Чаувай айылдык | Назаров Нурбек Идирисович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү | № 13, 15.06.2020-ж. |
11 | Бирлик айылдык | Эргешов Имарали Абдиллажанович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү | № 11, 15.06.2020-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ала-Бука району | ||||
12 | Өрүктү айылдык | Таштанов Турдубай Молдоумарович | Өз арызы | № 10, 18.06.2020-ж. |
13 | Жолдошова Аида Тажидиновна | Өз арызы | № 10, 18.06.2020-ж. | |
14 | Амиракулов Тынчтыкбек Султаналиевич | Өз арызы | № 10, 18.06.2020-ж. | |
15 | Т. Балтагулов айылдык | Жумабаев Абдираим Кожобекович | Өз арызы | № 10, 18.06.2020-ж. |
16 | Азимбаев Тургунбай Якубжанович | Жыйналыштарга 4 жолудан ашык келбегенине байланыштуу | № 10, 18.06.2020-ж. | |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 109 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына саясий партиялардын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
1 | Октябрь айылдык | Иманалиев Алмазбек Чынтемирович | Өз арызы | № 6, 16.06.2020-ж. |
2 | Арымбаев Алтынбек Джурсунбекович | Өз арызы | № 6, 16.06.2020-ж. | |
3 | Самаев Октябрь Оморович | Өз арызы | № 6, 16.06.2020-ж. | |
Түп району | ||||
4 | Тогуз Булак айылдык | Суранов Нуртай Мажитович | Өз арызы | № 8, 01.06.2020-ж. |
Тоң району | ||||
5 | Күн-Чыгыш айылдык | Аламанов Нурлан Камчыбекович | Өз арызы | № 14, 17.06.2020-ж. |
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
6 | Ак-Дөбө айылдык | Айдаралиев Нургазы Сартбаевич | Өз арызы | № 8, 10.06.2020-ж. |
7 | Кондубаев Израил Эрмегалиевич | Өз арызы | № 8, 10.06.2020-ж. | |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ала-Бука района | ||||
8 | Өрүктү айылдык | Темиров Оросбай Жээнкулович | Өз арызы | № 11, 18.06.2020-ж. |
9 | Эшбаев Кенешбек Акматалиевич | Өз арызы | № 11, 18.06.2020-ж. | |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 109 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
1 | Октябрь айылный | Камбарбек уулу Адилет | № 11 ДЭУ, жолчу | № 7, 16.06.2020-ж. |
2 | Сапар уулу Атай | Дыйкан чарбасынын, мүчөсү | № 7, 16.06.2020-ж. | |
3 | Барманов Жээнбек Жапарович | Дыйкан чарбасынын, мүчөсү | № 7, 16.06.2020-ж. | |
4 | Бакалова Айнура Октошовна | Облустук стоматологиялык ооруканасы, стоматолог | № 7, 16.06.2020-ж. | |
5 | Омуракунов Марат Калиевич | Жеке ишкер | № 7, 16.06.2020-ж. | |
Түп району | ||||
6 | Тогуз-Булак айылдык | Созаева Эльмира Мухажировна | Үй кожойкеси | № 8, 01.06.2020-ж. |
Тоң району | ||||
7 | Күн-Чыгыш айылдык | Айтбаев Марат Райымкулович | ОФ МКА "Тон Финанс", адис | № 14, 17.06.2020-ж. |
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
8 | Ак-Дөбө айылдык | Айтышов Абдырахман Анарбаевич | Дыйкан чарбасынын, мүчөсү | № 8, 10.06.2020-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
9 | Алга айылдык | Бегматов Сапарбек Бегалиевич | Убактылуу иштебейт | № 14, 15.06.2020-ж. |
10 | Чаувай айылдык | Закиров Ирисбай | Пенсионер | № 14, 15.06.2020-ж. |
11 | Бирлик айылдык | Акматов Равшанбек м | Дыйкан чарбасынын, мүчөсү | № 12, 15.06.2020-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ала-Бука району | ||||
12 | Өрүктү айылдык | Ибраймалиев Болотбек Нарбекович | Ала-Бука автобекети, директор | № 11, 18.06.2020-ж. |
13 | Таштаналиев Абдисамат Сатымкулович | Ала-Бука балдар искусство мектеби, бухгалтер | № 11, 18.06.2020-ж. | |
14 | Мамбеталиева Гулмира Орозалиевна | Ж.Бешимов ат. № 18 орто мектеби, мугалим | № 11, 18.06.2020-ж. | |
15 | Т.Балтагулов айылдык | Мамашов Санжарбек Мыйзамбекович | "Ак-Тулпар" авто мектеби, техник инструктор | № 11, 18.06.2020-ж. |
16 | Ташматова Кумаржан Эрбаевна | Пенсионер | № 11, 18.06.2020-ж. | |