Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-сентябры № 3258-VI
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 14-майындагы № 225 токтому) "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Социалдык фонддун камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүү боюнча Чүй областынын Сокулук районундагы жана Бишкек шаарынын Октябрь районундагы пилоттук долбоорлордун натыйжалары жөнүндө маалыматты берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 8 айы үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу жагынан болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2018-жыл үчүн бюджетти аткарышынын аудитинин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын актысында көрсөтүлгөн курулуш компанияларынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча социалдык төгүмдөрдү өз учурунда төлөгөндүгүн жана которгондугун текшерүүнү жүргүзсүн жана текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалымат берсин.
4. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |