Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-октябры № 3262-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 2-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 2-октябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын октябрындагы ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Курмантай Абдиевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |