Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-октябры № 3296-VI
2013-жылдын 9-июлундагы № 127 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу
Жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыгында жана өз жоопкерчилиги астында өз алдынча чечүүгө жергиликтүү жамааттардын Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын чыңдоого жана коргоого мамлекеттик бийлик органдарынын биргелешкен күч аракеттерин багыттап, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аткарбай жаткандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасында болгон көйгөйлөргө көңүл бурат.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткарууну контролдоо маселеси Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйналыштарында бир нече жолу каралган, алардын жыйынтыктары боюнча тиешелүү чечимдер (2015-жылдын 15-декабры, 2016-жылдын 24-майы, 2016-жылдын 4-октябры жана 2019-жылдын 19-февралы) кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин чечимдеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөрдү жүргүзүү жөнүндө тапшырмалар берилген:
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин так аныктоону жүргүзүү максатында мамлекеттик органдардын ишин функциялык талдоону;
- Кыргызстандын 370тен ашык айыл аймактарын дотациялык абалдан өз алдынча камсыз кылууга чыгаруу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн, муниципалдык-жеке өнөктөштүктү стимулдаштыруучу механизмдерди иштеп чыгууну, максаттуу программалар системасын киргизүүнү жана бюджеттик пландаштырууну эске алуу менен жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын жана салыктарды жергиликтүү бюджеттерге бекитүүнү талдоону.
Бирок ушуга карабастан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорунан келип чыккан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тапшырмаларын 3 жыл бою аткарган жок.
Буга байланыштуу 2013-жылдын 9-июлундагы № 127 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Б.У.Салиевдин маалыматын угуп, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясынын экинчи абзацын жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 9-июлундагы № 127 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Б.У.Салиевдин маалыматы эске алынсын.
2. 2013-жылдын 9-июлундагы № 127 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жетишсиз деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесинин 4-пунктуна ылайык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын так аныктасын жана белгиленген тартипте тиешелүү мыйзам долбоорлорун 2020-жылын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- 2013-жылдын 9-июлундагы № 127 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын толук аткарууну камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 2013-жылдын 9-июлундагы № 127 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын толук көлөмдө каржылоону камсыз кылсын;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктуна ылайык "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пунктунда каралган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын түзүмү жана штаттык саны боюнча типтүү ченемдерди бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын алып салсын, аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын компетенциясына берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри:
- "2013-жылдын 9-июлундагы № 127 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 25-пунктунун жана 22-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде Өкмөт мүчөлөрүнүн жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин карасын;
- ушул токтомдун 3-пунктун жана 4-пунктунун биринчи абзацын аткаруу боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2020-жылдын 15-январына карата берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомду аткарышынын натыйжалары жөнүндө маселени 2020-жылдын 1-январына чейин карасын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жүктөлсүн.
7. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |