КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-октябры № 3297-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президенттин каршы пикири жөнүндө;
"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |