Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-ноябры № 3354-VI
"Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 27-сентябрындагы № 503 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү маселелерди карасын:
акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө 20 пайыздык салык киргизүү;
алардын багыттарынын даректүүлүгүнүн максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бирдиктүү казыналыгында субэсеп ачуу:
- салыктык жыйымдар - корголгон беренелерге;
- салыктык эмес төлөмдөр - корголбогон беренелерге;
- кредиттер, ссудалар - экономикалык өнүгүүгө;
укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлери үчүн киреше салыгын жана социалдык камсыздандырууга чегерүүлөрдү киргизүү;
сот системасынын судьяларына дайындалган пенсияларга үстөктөрдү жокко чыгаруу;
билим берүү жана саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери үчүн киреше салыгынын жана социалдык камсыздандырууга чегерүүлөрдүн ставкасын 5 пайызга чейин кыскартуу;
айыл чарбасы жана дары-дармек каражаттары боюнча саламаттык сактоодо КНС даректүү ордун толтуруулар үчүн каралган жеңилдиктерди кошпогондо, бардык салыктык жеңилдиктерди жокко чыгаруу;
автотранспорт каражаттарын күңүрттөөнү легалдаштыруу жана алардын ээлеринен акы алууну киргизүү;
бир чет өлкөлүк туристке 10 АКШ доллары өлчөмүндө алым киргизүү;
чет өлкөлүк адамдарга ишке уруксат берүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн көбөйтүүнүн эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматынан мамлекеттик алымдын түшүүлөрүнүн болжолун 500,0 млн. сомго чейин көбөйтүү.
3. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |