Редакцияот 27.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 27-ноябры № 3368-VI

М.Р.Бобукееваны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 27-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

2019-жылдын 21-ноябрынан тартып ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Бобукеева Меергул Рыскулбековнанын ыйгарым укуктары токтотулсун.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков