Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-декабры № 3438-VI
Кыргыз Республикасынын Чүй областындагы Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 2019-жылдын 7 жана 8-августунда түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Чүй областындагы Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 2019-жылдын 7 жана 8-августунда түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.У.Шайназаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Чүй областындагы Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 2019-жылдын 7 жана 8-августунда түзүлгөн кырдаалды объективдүү жана ар тараптан иликтөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-августундагы № 3218-VI токтомун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө комиссиянын курамына коомдук жана саясий ишмерлерди, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн киргизүү менен Мамлекеттик комиссия түзүү тапшырылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ушул токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-августундагы № 316-б буйругу менен Кыргыз Республикасынын Чүй областындагы Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 2019-жылдын 7 жана 8-августунда түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссия (мындан ары - Мамлекеттик комиссия) түзүлгөн. Мамлекеттик комиссиянын ишинин алкагында мамлекеттик органдардын жана мекемелердин жетекчилери жана кызмат адамдары угулду, окуяларга тиешеси бар бардык, анын ичинде жашыруун документтер, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын материалдары иликтенди, А.Ш.Атамбаевдин тарапкерлери жана Кыргыз Республикасынын Чүй областындагы Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушуулар өткөрүлдү, бузулган объекттер, курулмалар жана инфратүзүм каралып чыкты. Мамлекеттик комиссия белгилегендей, тыянактар төмөнкүдөй:
- А.Ш.Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде атайлап жасаган өзүнүн кылмыштуу аракеттери үчүн сөзсүз жазалана тургандыгын түшүнүп туруп, өзүнүн кызыкчылыктарын элдин жана мамлекеттин кызыкчылыктарынан жогору коюп, жазык жоопкерчилигинен качуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын ачыктан-ачык этибарга албай, мыйзамдуулук түшүнүктөрүн манипуляциялап, коомчулукту адаштырган, ошондой эле регион аралык карама-каршылыктарды жасалма түрдө кызытып, мамлекеттик бийликтин кадыр-баркын кетирип, коомдо нааразылык потенциалы бар экендиги жөнүндө жалган түшүнүктү түзүп жана эл аралык колдоого ээ болууга аракет кылып, билип туруп бийликти күч менен басып алууну даярдаган. Адегенде мажбурлап алып келүүнүн жүрүшүндө ар кандай, анын ичинде жарандарды бийликке каршы чыгууга мобилизациялоого тийиш болгон өзүнүн тарапкерлери тараптан ыктымалдуу адамдык курмандыктары менен чагымчылдыкты уюштуруп, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүүнү уюштуруу пландаштырылган.
Кийин массалык тартипсиздиктер, мародерлук жана башкалар менен коштоп, бийликти күч менен басып алуу пландаштырылган.
- Кой-Таш айылындагы 2019-жылдын 7 жана 8-августундагы окуялар үчүн жоопкерчилик бүт бойдон жана толугу менен А.Ш.Атамбаевдин жана анын тарапкерлеринин мойнунда, алар укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу аракеттерине куралдуу каршылык көрсөтүүнү жана андан соң бийликти күч менен басып алууну пландаштырган.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ички иштер министрлигинин А.Ш.Атамбаевди мажбурлап алып келүүнү жана андан соң кармоону жүргүзүү боюнча аракеттери, жол берилген каталарга жана кемчиликтерге карабастан, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине негизделген болчу.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй областындагы Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 2019-жылдын 7 жана 8-августунда түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.У.Шайназаровдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары боюнча келип чыккан сунуштамаларды аткаруу боюнча толук чараларды көрүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- жарандарды жазык жоопкерчилигине тартуу учурунда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары мыйзамдуулуктун сакталышына талаптагыдай көзөмөлдү камсыз кылсын;
- Мамлекеттик комиссиянын корутундусунда көрсөтүлгөн адамдардын аракеттерине укуктук баа берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |