Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-декабры № 3397-VI
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 30-сентябрындагы № 509 токтому) "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөнкүдөй параметрлерди бекитүү менен экинчи окууда кабыл алынсын:
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджетинин кирешелери ИДПга карата 9,6 пайыз салыштырма салмагы менен жалпысынан 57892134,4 миң сом суммасында;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин чыгымдары ИДПга карата 9,5 пайыз салыштырма салмагы менен жалпысынан 57104695,8 миң сом суммасында;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин профицитинин өлчөмү ИДПга карата 0,1 пайыз салыштырма салмагы менен 787168,6 миң сом суммасында.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) 2018-жылы керектөөдөн 286,6 млн. сомго аз трансферттер бөлүнгөнүн эске алып, трансферттерди алуучулардын ар бир категориясы боюнча берилген эсептөөлөргө ылайык республикалык бюджеттен каржылоону карасын;
2) 2019-жыл үчүн республикалык бюджетти аткарууда жана 2020-жылга республикалык бюджетти түзүүдө төмөнкүлөрдү эске алсын:
- 2019-жылдын 1-январына карата республикалык бюджеттин трансферттер боюнча карыз - 357,5 млн. сом;
- "Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад областтарындагы башаламандыктын учурунда жабыркаган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен реестрлерге киргизилген жеке жана юридикалык жактардын 2010-жылдын 1-июнунан тартып 2012-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил үчүн эсептелген камсыздандыруу төлөмдөр боюнча карызын тындыруу үчүн Социалдык фонддун каражаттарын карызга алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 359-б буйругуна ылайык карыз - 174,9 млн. сом;
3) алгачкы учурда бюджеттик уюмдардын жана ири компаниялардын социалдык чегерүүлөрүн козгобостон, этаптуу өтүү менен иш берүүчүлөрдүн социалдык чегерүүлөрүнүн чөйрөсүндө реформаны жүргүзсүн;
4) чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызматкерлеринин санына жараша социалдык чегерүүлөрдүн регрессивдүү шкаласын колдонууну карасын (жумуш орундары канчалык көп түзүлсө, иш берүүчүлөрдүн социалдык чегерүүлөрүнүн ставкасынын өлчөмү ошончолук аз);
5) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 2018-жылдын 10-декабрындагы чечими менен түзүлгөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун тарифтик саясат маселелерин чечүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин натыйжаларын берүүнү тездетсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төлөөчүлөр базасын тактоо жана бири-бирине шайкеш келтирүү үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн катталган төлөөчүлөрдүн эсебин түгөлдөөнү жана салыштырууну жүргүзсүн, ошондой эле объективдүү маалыматты алуу максатында;
- төлөөчүлөрдү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча салык отчеттуулугу жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн отчеттуулугу боюнча статистикалык жана талдоо ишин өркүндөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |