Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-декабры № 3410-VI
Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча жасаган иши жөнүндө
Кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын жасаган иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын ички иштер министри К.А.Жунушалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, республикада түзүлгөн кылмыштуу жагдайды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган комплекстүү иштин жоктугун эске алып, ошондой эле жалпысынан кылмыштуулукка каршы күрөштүн актуалдуулугун эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы практикасын эске алуу менен, уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын ишин өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралардын комплексин кабыл алсын;
- ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында, уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттерди жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдарга алдын алуу мүнөзүндөгү бардык чараларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүү жана уюшкан кылмыштуулук субъекттерин ыкчам-превентивдүү эсепке коюу тартибин аныктоо үчүн, 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын ченемдерин эске алуу менен "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө", "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун жеткире иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтордун ишин активдештирсин. Мыйзамдардын жеткире иштелип чыккан долбоорлорун 2020-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышынын бетин ачуу жана уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн мамлекеттик бийлик органдарына (анын ичинде шайлануучу органдарга жана укук коргоо органдарына) кирип кетишин болтурбоо боюнча ишти күчөтсүн;
- криминалдык субмаданияттын идеологиясын жана негиздерин бузууга, кылмыштуу ишке жаңы адамдарды тартууга жана криминалдын таасир этүү чөйрөлөрүн жайылтууга жол бербөөгө багытталган ишти күчөтсүн;
- уюшкан кылмыштуу топтор кылмыштуу жол менен тапкан каражаттарды легалдаштыруусуна (адалдоосуна) каршы аракеттенүү боюнча ишти күчөтсүн жана аларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынан жана кайра артка которуу боюнча акча каражаттарынын кыймылын контролдоо боюнча финансылык контролду күчөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |