Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры № 3450-VI
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 22-ноябрындагы № 626 токтому) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөнкү параметрлерди бекитүү менен экинчи окууда кабыл алынсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджетинин кирешелери ИДПга карата 2,3 пайыз салыштырма салмагы менен жалпысынан 15720544,3 миң сом суммасында;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин чыгымдары ИДПга карата 2,3 пайыз салыштырма салмагы менен 15720544,3 миң сом суммасында.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен бюджеттер аралык трансферттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине 2019-жылдын аягына чейин өз учурунда жана толук берилишин контролдоону камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна (кеч каржылоодон улам) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун эсептеринде калган жана 2018-жылы республикалык бюджеттен максаттуу тартипте бөлүнгөн бюджеттер аралык трансферттерди кайра кайтаруу механизми жоктугуна байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен эсептешүүлөр боюнча көрсөтүлгөн каражаттарды андан ары пайдалануу үчүн аларды саламаттык сактоо уюмдарына каржылоого уруксат берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду үстүбүздөгү жылдын аягына чейин саламаттык сактоо уюмдарын өз учурунда жана толук каржылоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Касымалиева |