Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 3477-VI
Бишкек шаарында абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө
Бишкек шаарында абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин:
1) зыяндуу заттардын ыргытындыларын азайтуучу катализаторлору жана орнотмолору болбогон автомобилдерди алып келүүнү контролдоо, ошондой эле ыргытындылардын зыянын азайтууга багытталган башка механизмдерди иштеп чыксын;
2) электромобилдерди пайдалануу үчүн инфратүзүмдү түзүү боюнча.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Бишкек шаарынын мэриясы:
1) "Газпром Кыргызстан" ЖЧК компаниясы менен бирдикте Бишкек шаарынын чегинде жана анын чет жакаларында турак үйлөрдү газдаштыруу учурунда ишке киргизүү-жөндөө иштери жана меш жабдуулары үчүн акы төлөө боюнча кийинкиге калтыруу мөөнөтүн берүү механизмин иштеп чыксын, ошондой эле Бишкек шаарынын чегинде жана анын чет жакаларында турак үйлөрдү толук газдаштыруу боюнча иштерди тездетүү жөнүндө "Газпром Кыргызстан" ЖЧК компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
2) калк үчүн кыш мезгилинде турак үйлөрдө электр энергиясын керектөө лимиттерин көбөйтүү жөнүндө маселени, ошондой эле электр тармактарына кошуу үчүн калктын техникалык шарттарды жөнөкөйлөтүп алуу маселесин карасын;
3) Бишкек шаарынын ЖЭБине (күлдүн жана шлактын деңгээлинин жол берилген ченемин эске алуу менен) сатып алынган жана колдонулуп жаткан көмүрдүн сапатына контролду күчөтсүн, ошондой эле түтүн газдарын тазалоонун кошумча тутумдарын орнотсун;
4) мончо комплекстеринин жана өнөр жай ишканаларынын ишине контролду күчөтсүн, ошондой эле өндүрүштө катуу отунду (көмүр) жана курчап турган чөйрөгө зыян алып келүүчү отундун башка түрлөрүн колдонуп жаткан отканаларга, мончо комплекстерине жана өнөр жай ишканаларына түтүн газдарын тазалоо тутумун орнотуу боюнча чараларды көрсүн;
5) Бишкек шаарынын таштанды полигонунда өрттөө аркылуу турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын утилдештирүүгө тыюу салсын, 2020-жылы Бишкек шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу жол-жобосун баштасын;
6) К-4 жана К-5 экологиялык стандартындагы бензинди пайдаланууга өтүү жөнүндө маселени карасын;
7) 2020-жылдан тартып мамлекеттик мекемелердин (анын ичинде коомдук транспорттун) электромобилдерди пайдалануусу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизсин;
8) мындан ары газмотордук отун жана электр менен иштеген коомдук транспортту сатып алсын;
9) шаарда курулушту пландоону жана жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу учурунда Бишкектеги абанын булганышы жагынан түзүлгөн кырдаалды, шамалдын багытынын абалын, шамал режимин жана аларды эске алуу даражасын иликтөө жана баалоо үчүн бул тармактагы адистерди, эксперттерди, илимпоздорду жана башка кызыкдар тараптарды тартуу менен ведомстволор аралык жумушчу топту түзсүн;
10) Бишкек шаарында көп кабаттуу курулмаларды долбоорлоо жана куруу учурунда шамалдын багытын эске алсын;
11) ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2020-жылдын 7-февралына чейин берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку. Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |