Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры № 3455-VI
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик финансыларды башкаруунун маалымат системасын (МФБМС) киргизүүнү тездетүүсү жөнүндө
Санариптик трансформациялоону тездетүү боюнча "Кыргыз Республикасында региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын" милдеттерин ишке ашыруу максатында мамлекеттик финансыларды башкаруунун маалымат системасын (МФБМС) киргизүү аркылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансы чөйрөсүндө шашылыш санариптештирүү талап кылынат. Бул система, сөзсүз түрдө, бюджеттик акча каражаттарын чогултууну комплекстүү автоматташтырууну, мамлекеттик финансыларды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылат, ошондой эле бюджетке мамлекеттик, коомдук жана парламенттик контролду күчөтүү үчүн мүмкүнчүлүк берет, буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
мамлекеттик финансыларды башкаруунун маалымат системасын (МФБМС) иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдан тартып 2018-жылга чейинки мезгилдеги иши жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бир айлык мөөнөттө берсин;
бул маселени практикалык ишке ашыруу боюнча иштин конкреттүү планын бекитүү менен мамлекеттик финансыларды башкаруунун интеграцияланган маалымат системасын (МФБМС) иштеп чыгуу жана киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечимин эки айлык мөөнөттө кабыл алсын;
мамлекеттик финансыларды башкаруунун интеграцияланган маалымат системасын (МФБМС) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансылар чөйрөсүнө 2021-жылдын 1-январынан тартып киргизсин.
2. Аткарууну контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |