Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-январы № 3490-VI
Марттын үчүнчү ишембисин "Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү" деп жарыялоо жөнүндө
Республиканын шаарларынын жана калктуу конуштарынын экологиялык жана санитардык абалын жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу, ошондой эле көрктөндүрүүнүн талаптагыдай деңгээлин сактоо жана бак-дарактардын аянтын көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марттын үчүнчү ишембиси Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында көчөттөрдү жапырт отургузууну уюштуруу менен "Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү" деп жарыялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында көчөттөрдү отургузуу боюнча ар жылдагы иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча чараларды көрсүн;
- көчөттөрдү отургузуу боюнча ар жылдагы иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- каржылоо булактарын издөө жөнүндө маселени карасын.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, райондук мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер, уюмдар жана чарба жүргүзүүчү субъекттер көчөттөрдү отургузуу боюнча ар жылдагы иш-чараларды, шаарларды жана калктуу конуштарды көрктөндүрүү боюнча жапырт жашылдандыруу иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэриялары, райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- отургузулган көчөттөрдү багуу жана кайтаруу боюнча иш-чараларды уюштуруу боюнча чараларды көрсүн;
- көчөттөрдү отургузуу боюнча иш-чараларды, шаарларды жана калктуу конуштарды көрктөндүрүү боюнча жашылдандыруу иштерин жүргүзүүнүн жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине маалыматты жыл сайын 30-мартка чейин берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
- жашылдандырууга арналган көчөттөрдүн саны (жыл сайын 500 миң даанадан кем эмес) жөнүндө маалымат менен камсыз кылсын;
- көчөттөрдү отургузуу жана аймактарды жашылдандыруу маселелеринде консультациялык колдоо көрсөтсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги:
- көчөттөрдү отургузуу боюнча ар жылдагы иш-чараларды, шаарларды жана калктуу конуштарды көрктөндүрүү боюнча жашылдандыруу иштерин жүргүзүүгө мониторингди жүзөгө ашырсын;
- республиканын аймактарын жашылдандыруу максатында отургузуу жүзөгө ашырылган жерлерде отургузулган көчөттөрдүн сапаты жөнүндө жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга маалыматты жыл сайын 15-июлга карата берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция көчөттөрдү багуу жана кайтаруу боюнча көзөмөлдү жыл сайын сентябрь айында жүзөгө ашырсын, алардын натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө талдоо маалыматын берсин.
8. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |