Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-февралы № 3519-VI
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацын, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктун жана 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна Асрандиев Эркин Шамшудиновичтин талапкерлиги жактырылсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун бешинчи абзацында "Аскаров Замирбек Марипбаевич" деген сөздөр "Асрандиев Эркин Шамшудинович" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна дайындалгандан кийин Э.Ш.Асрандиев:
- үч айлык мөөнөттө Казакстан Республикасынын чек арасындагы экономикалык тоскоолдуктар маселесин чечсин;
- КЭР товарлардын кыймылын толук эсепке алууну жана контролдоону жүргүзсүн;
- Бишкек жана Ош шаарларында салыктык жол-жоболорду фискалдаштырууну киргизүүнү 2020-жылдын 1-апрелине чейин бүткөрсүн;
- бир айдын ичинде Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун капиталын россиялык компаниялардын баалуу кагаздарында жайгаштырылган 200 млн. АКШ долларынан ашык суммага жана 2020-жылдын май айына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине кирүү келишиминин алкагында 500 млн. АКШ долларына толтуруу маселесин чечсин.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |