КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-февралы № 3531-VI
"2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттердин ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Төртүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 3-июнундагы № 264 токтому) "2017-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттердин ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Төртүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |