Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-февралы № 3527-VI
"Сөөк көмүү жана сөөк коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу
"Сөөк көмүү жана сөөк коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2015-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган "Сөөк көмүү жана сөөк коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы четке кагылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |