Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-февралы № 3537-VI
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин бешинчи абзацын расмий чечмелөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун четке кагуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин бешинчи абзацын расмий чечмелөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору четке кагылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |