Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-марты № 3613-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 11-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 11-мартындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
"Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Тарыхый темада жана Кыргызстандын белгилүү тарыхый инсандары жөнүндө көркөм жана даректүү тасмаларды тартуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө:
Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамына жаңы мүчөлөрдү бекитүү жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Т.Зулушевдин жана Бишкек шаардык сотунун экс-судьясы М.А.Сатыевдин кайрылуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-июнундагы 3162-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |