КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-марты № 3640-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерге сунуштаманы карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 94-беренесинин 6-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Молдакунов Айбек Карыбекович курактык чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна шайлансын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга жатат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |