Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-марты № 3649-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 151-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Коронавирус инфекциясын (COVID-19) жуктуруп алуудан коргоо боюнча санитардык ченемдердин зарыл эрежелерин сактоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте шайлоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн 2020-жылдын 23-мартынан тартып 27-мартына чейинки мезгил Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын региондордо иштөө убактысы деп жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |